ГИБРИДДИК ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТӨТ

  • 10.06.2020
  • 0

Онлайн Университеттин Онлайн окутуу усулдары лабораториясы бүгүн, 10-июнда, саат 17.00дө «Гибриддик үйрөтүү методикасын ишке ашыруу» аттуу кезектеги вебинарын өткөрөт.

ГИБРИДДИК ҮЙРӨТҮҮ МЕТОДИКАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР ӨТӨТ

Вебинарда студенттердин онлайн окутууну жалпы кабыл алуусу, онлайн билим берүүнүн программалык жабдыктары (LMS), онлайн билим берүүнүн программалык жабдыктарын колдонуудагы жеңилдиктер жана кыйынчылыктар, гибриддик (hybrid же blended) билим берүү, онлайн билим берүүнүн программалык жабдыктарын иштеп чыгуу сыяктуу темалар каралат.

Вебинардын спикери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борборунда жетекчинин орун басары жана компьютердик инженерия бөлүмүнүн доценти, доктор (PhD) Рита Исмаилова.

Белгилей кетсек, Рита Исмаилова 2012-жылы Анкарадагы Орто Чыгыш Техникалык университетинин криптография бөлүмүндө докторлук диссертациясын жактаган. Анын эл аралык абройлуу илимий журналдарда 38 макаласы жарыяланган. Атап айтсак, Р.Исмаилова Э-окутуу (онлайн билим берүү) багытта жарыяланган 14 макаланын, SCI, SSCI, AHCI индекстерге кирген журналдарда 9 макаланын, Scopus, WoS ESCI ж.б. индекстерге кирген эл аралык журналдарда 16 макаланын автору.

Эске салсак, Онлайн Университеттин Онлайн окутуу усулдары лабораториясы мектеп мугалимдерине жана ЖОЖ окутуучуларына онлайн сабак өтүү жана сынактарды уюштуруу боюнча бир катар вебинарларды акысыз өткөрүп, жаңы усулдарды үйрөтүп келет.

Вебинардын шилтемеси:

https://zoom.us/j/96576077427?pwd=d1RZUytIWncrVDZ4Nk9ESTBGUFZJQT09

Конференциянын идентификатору: 965 7607 7427

Паролу: 950023

 Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракча: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер