ГЕРМАНИЯДАН ГРАНТ УТКАН САЛИМА
- 26.12.2024
- 0
Учурда Германиянын Вайенштефан-Триздорф прикладдык илимдер университетинде гранттык негизде билим алып жаткан Салима Көчөрбаева Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты студенти, президенттик стипендиат аталган.
Ал Нарын районундагы Миң-Булак айылында төрөлүп, Актан Тыныбеков атындагы орто мектепти эң жакшы баалар менен аяктаган. К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин технология жана азык-түлүк коопсуздугун башкаруу адистиги боюнча биоресурстар факультетинде билим алган. 4 бир туугандын улуусу. Атасы Уланбек куруучу, апасы Нуриза үйкожойкеси катары мал чарбачылык менен алектенет. Иниси Дастан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинин студенти. Сиңдилери Альбина менен Курманжан -мектеп окуучулары.
Салима өзүнүн ийгиликтерин ыктыярчылык, окуудагы мыкты көрсөткүчтөрү жана ата-энесинин колдоосу менен байланыштырат. Студент кезинде эле Германиядагы ишканаларда өз алдынча тажрыйбадан өтүп келген. Бул кадам аны чет өлкөдө билим алууга шыктандырып, келечекте Кыргызстанга кайтып, тажрыйбасын мекенине жумшоо максатында билим алууда. Жогорку окуу жайды бүтөр-бүткүчө ыктыярчылык менен алектенди. “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунда ыктыярчы катары иштеп жүрүп, кийин бул клубду жетектөөгө сунуш түшүп, агрардык университеттеги филиалына жетекчи болгон. Көптөгөн долбоорлорго катышып, өзү дагы айыл чарбага байланыштуу долбоор жазган.
Салима менен телефон аркылуу байланышканымда: “- Ата-энем менин сапаттуу билим алуума дайыма колдоо көрсөтүп келишти. Алар мага эч нерседен кам санабай жалаң гана билимге көңүл бурушумду айтышчу. Өзүм каалаган курстарга жаздырып, мага ар тараптуу билим берүүгө аракеттерин аяган жок. Чет өлкөдө билим алуума да колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле мага билим берген мугалимдериме дагы ыраазымын,-деди.
Салима 3-курсту аяктаганда кесиптик жактан тажрыйба топтоо үчүн Германиянын Любек шаарындагы “Юнге” деген жеке наабайкана менен келишим түзүп, практикадан өткөн. Кийинки жылы да Германияга барып “жайкы жумуш” программасы менен иштеген.
-Германиянын жогорку окуу жайына магистратурага кантип тапшырдың? Окуу шарттары кандай экен?
-Германиядан практикадан кайтып келген соң, ар кандай билим берүү программаларын издей баштадым. Азыркы мен окууга өткөн университеттин сайтына кирип, тапшыруу талаптарын, шарттарын карадым. Эң негизги талап — бул немис тилин В1 деңгээлинен өйдө билүү экен. Ал эми керектүү документтерди, резюме, мотивациялык кат, бакалавр дипломумду сайтына жүктөдүм. Бардык шарттар аткарылгандан кийин интервью болот деген билдирүү алдым. Онлайн маектешүү бат жана оңой болду. Болгону өзүм жана жетишкендиктерим жөнүндө айтып бердим. Алар айыл жергесинде чоңойгонумду сурап, айыл чарбасына байланыштуу суроолорду беришти. Бир жумага жетпей, менин университетке кабыл алынганым тууралуу жооп келди. Ошентип, мен агро-менеджменти адистиги боюнча толук грантка ээ болуп, Германияга окууга келип калдым. Учурда жатакана бекер, андан сырткары ай сайын 992 евро стипендия алам. Бул жерде билим алууга бардык жакшы шарттар бар. Биринчи семестрде окуу процессинде 4 ай практикага басым жасалып жатат. Теория менен практиканы айкалыштырып, макала, отчет да жазып жатабыз. Студенттерге катуу талаптар коюлган. Ал эми жарым семестр бою чет өлкөлүк студенттерге немис тили боюнча сабактар өтүлөт. Бул окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн билим алганы келгендиктен, окуу англис жана немис тилдеринде жүргүзүлөт.
— Кыргызстан менен Германиянын билим берүү системаларында кандай айырмачылыктарды байкай алдың?
-Негизинен бул жакта практикага басым жасалат экен. Университеттин өзүнүн фермалары, лабораториялары бар. Бир күн теориялык сабак болсо, 2-3-күн практикалык сабактар өтүлөт. Дагы бир айырмачылыгы — студенттер өздөрү тандаган предметтерин гана окушат. Кызыгы жок сабактардан студенттер баш тарта алышат. Экзаменди бир жолу тапшырганда өтүп кетсе, окуусун улантат. Эгерде тапшыра албай калса, анда немис тилин эң жогорку деңгээлде билүү боюнча сертификат алышы зарыл. Германия билим берүүнүн сапаты боюнча дүйнөдө 5-6-орунда турат. Немис дипломун дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда таанышат. Бул диплом менен англис тилин мыкты билгендер АКШда деле иштей алышат. Немистер өз жашоолорун аябай ыңгайлуу жана жөнөкөй кылып алышыптыр. Ушул сапаттары аябай жакты. Бардык транспорт системасы өз убагында так, кечикпей жүрөт экен. Ал эми немис эли дагы кыргыздардай меймандос, сыйчыл келишет. Чет элдиктерге урмат-сый менен мамиле кылышып, бир нерсени билбей сурасаңыз, кичипейилдик менен жооп берип, жардам кылышат. Каталык кетирсеңиз, эринбей түшүндүрүп беришет.
-Келечекте кандай пландарың бар?
-Бул жакка келгени 2-3 айда ойлорум өзгөрүп, келечекте Кыргызстанда эле иштеп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошсом деген пландарым бар. Бирок ага чейин тандаган тармагымда күчтүү билим алып, мыкты тажрыйба топтошум керек. Германия айыл чарбасы абдан өнүккөн өлкө экен. Жаңы технологияларды үйрөнүп, өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен иштөөнү тилек кылам.
-Чет өлкөдө билим алсам деген жаштарга кандай кеңештерди берет элең?
-Эң негизгиси, эч нерседен коркпой бийик максаттарды коюп, чет тилдерин үйрөнүү керек. Колумдан эч нерсе келбейт дебей, өзүнө ишенүү зарыл. Бир эшик жабылса, дагы башка эшиктер бар дегендей , аракет кыла берүү керек. Билим алууну көздөгөн өлкө, окуу жай тууралуу изилдеп, ошол өлкөнүн тилин үйрөнүү шарт. Мотивациялык кат жазууну үйрөнүү абзел. Мыкты жазылган эссе окууга өтүүгө 50 пайыз жардам берет. Мотивациялык катты туура жазууну интернеттен үйрөнсө болот.
Асанкул Буудайчиев,
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими
Салима тил үйрөнүүгө, китеп окууга дилгир
Салима Көчөрбаеваны 5-класстан баштап кыргыз тили жана адабияты сабактарынан окутуп билим бере баштагам. Салима класста өзүн таза жана адептүү алып жүрчү. Класс ичинде өзгөчө тазалыкка көңүл бурчу. Ошол себептен класс жетекчиси Исабекова Жазгүл классына тазалык сектору кылып дайындаган. Салима өзүнүн милдеттерин ар качан жоопкерчиликтүү аткарчу. Өзгөчө тил үйрөнүүгө дилгирленип, өз алдынча орус тилин, англис тилин үйрөнүш үчүн дайыма өз алдынча сөздүктөр менен машыкчу. Кыргыз тилине, адабиятына кызыгып, менден жана китепканадан өзүнүн табитине жаккан китептерди алып окучу. Ал 10-11 класстарында мектеп парламентин жетектеп, окуучулардын президенти болууга жетишкен. Окуткан агайы катары Салимага ак жол, изденүүчүлүк талбаган эмгек, каалап, бар бол окуучум демекмин.
Жазира Айтбекова,
К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин улуу окутуучусу
Салима КМШнын мыкты студенти” болгон
Салима 1-курстан тарта, өзүн окууда жана коомдук иштерде эң жакшы көрсөттү, өтө дилгир, койгон максатына тырышкан эң алдыңкы студенттерибиздин бири болду.“Кыргызстандын эң мыкты студенти” — бул өлкөдөгү чоң долбоор. Салиманын буга чейинки ыктыярчылык иштери, мыкты баалары сынактын критерийлерине туура келип, жеңүүчү аталган.
Ал эми “КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти” наамга да арзыган.Салима 2-курста Россияда макала жазуу боюнча онлайн сынакка катышып, “Загрязнение воздуха в Бишкеке” деген макаласы “Лучший студент СНГ” деген аталыштагы атайын жыйнакка басылып чыккан. Ошол публикациясы да жеңишине себеп болгон.2023-2024 окуу жылында Президенттик стипендияга ээ болду. Салима кызыбыз менен сыймыктанабыз!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кут Билим”
Комментарийлер