ГЕРМАНИЯДАГЫ БАЛДАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТӨТ

  • 01.11.2022
  • 0

ГЕРМАНИЯДАГЫ БАЛДАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТӨТ

Германиянын Гамбург шаарында жашап, немис тилинен мугалим болуп иштеген Эллира Акбарова ошол жерде жашаган кыргыздардын балдарына кыргыз тилин окута баштады.

 

ГЕРМАНИЯДАГЫ БАЛДАРГА КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТӨТ

Эллира өзү немис тилинен сабак берет. Ошол чөлкөмдө жашаган кыргыздардын өтүнүчү боюнча балдарга кыргыз тили курсу уюштурулуп, жардамчы кызы экөө өтүп жатат. Чет өлкөдө жашап жаткан кыргыздар үчүн ошол жерде туулуп-өскөн балдарына эне тилин үйрөтүү — олуттуу маселелердин бири десек болот. Себеби, бала кандай чөйрөдө жүрсө, ошол жердин тили, салты менен чоңоет эмеспи. Ата-эне баласынын немис тили менен бирге өз эне тилин үйрөнүшүн каалайт. Мына ошондой ата-энелердин мүдөөсү Эллирага окшогон патриот кыздарыбыздын жардамы менен ишке ашырылып олтурат. Ал ошол жактагы кыргыздардын демилгеси менен уюштурулган кыргыз тили курсун өтүүгө ылайыктуу кабинет, окуу куралдары, методикалык колдонмолорун өзү издеп таап, камсыздаган.

Эллиранын курсуна азырынча эки жаштан сегиз жашка чейинки балдар келип жатат. Кыргыз тили сабагы жөнүндө бири-биринен угуп, алыс жактагылар да келе баштаганы кубанычтуу көрүнүш. Сабак дем алыш күндөрү эки жумада бир жолудан өтүүдө.

Ийгилик сага, Эллира!

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер