ГЕОГРАФИЯ — БУЛ АДАМ ЖАШООСУНУН АРЕНАСЫ
- 21.11.2024
- 0
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кашка-Жол жалпы билим берүүчү орто мектебинде «География — бул адам жашоосунун аренасы» аттуу география сабагынын мугалимдери үчүн облустук семинары өтүп жатат.
Маалыматка таянсак, семинардын башкы максаты — окуучулардын турмушка болгон көз карашын калыптандыруу аркылуу инсанды ар тараптан өнүктүрүүнү көздөйт.
— Семинардын алкагында Сингапур методикасы боюнча мастер-класс дагы эң мыкты деңгээлде өтүлдү. Облус аймагындагы педагогдордун тажрыйба алмашуу семинарлары байма-бай өз убагында өтүп турат. Бул да болсо педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууда чоң өбөлгө түзөт, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун усулчусу Анара Рысбекова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер