ГҮЛМИРА КУДАЙБЕРДИЕВА: “ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ИШЕНИМ ЗОР”

  • 29.08.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жаш мугалимдери менен жолугуп, алардын ишине ийгилик каалады.

Иш чарада министр быйыл жогорку окуу жайын бүтүп, алгачкы жолу мугалимдик кесипке киришип жаткан жаш мугалимдерди биринчи жаңы окуу жылы менен куттуктап, алардын иштерине ийгилик каалап, 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында билим берүү системасында жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Г.Кудайбердиева алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда жаш мугалимдер зор күч болуп бере ала тургандыгын жана аларга ишеним чоң экендигин баса белгилеп, аларды өз ишине жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

  • Кандай гана реформаларды жасабайлык, кандай гана заманбап мектептерди куруп, ичин техникалык каражаттар менен толтуруп койбойлук, мугалимдердин билими терең, кесиптик чеберчилиги жогору болмоюнча андан натыйжа чыкпайт. Андыктан биз сиздерди өз ишин мыкты билген, сапаттуу билим бере алган жана өз кесибин сүйгөн жаштардан болот деп ишенебиз, — дейт Г.Кудайбердиева.
Бөлүшүү

Комментарийлер