ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ — УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИН ЖАЙЫЛТУУЧУЛАР

  • 18.06.2025
  • 0

12 жылдык билим берүүнү ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын бири – “Жаңылыктын жарчысы” педагогикалык форуму. Ага облустук, усулдук институттардын жетекчилери, усулдук кабинеттердин башчылары жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышууда. Эми алар башка мугалимдерге 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча маалымат берип, түшүндүрүп, усулдук жардам көрсөтөт.

Агартуу министрлигинин Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинованын айтымында, форумдун алкагында кабыл алынган жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарт, базистик окуу планы, жаңы окуу китептери, программалардан баштап блоктук иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучулары окуучуларды жаңы окуу китептери менен кантип окутуп, жаңы программаларга кандай ыкмаларды колдонуу керектиги боюнча кеңири методикалык сунуштарды берүүдө.
ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ - УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИН ЖАЙЫЛТУУЧУЛАР
Форумдун катышуучулары ар бир айдын 10-күнү кандай иштерди аткарып, жер-жерлерде кандай иштерди жүргүзгөндүгү, канча семинар өткөргөндүгү, кандай көйгөйлөрдү байкагандыгы тууралуу
Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтуна отчёт берип турууга милдеттендирилет.

— Кыргызстанда 90 миңдей мугалим бар, баарын чакыруу физикалык жактан мүмкүн эмес. Ошондуктан форумдун катышуучулары 12 жылдык программаны жеринде ишке ашыра турган биздин жардамчыларыбызга айланат. Аларга “Кыйынчылыктар болсо жашырбай айткыла, чечүү жолдорун издейбиз” деп айтып жатабыз. Республикалык институт келип түшкөн суроо-талаптарга жараша квалификацияны жогорулатуу планын кайра карап чыгат. Эгерде кимдир бирөө кайсы бир теманы түшүнбөсө, анда онлайн, офлайн форматта курстарды өткөрөт, -дейт Айнура Кусеинова.

ФОРУМДУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ - УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МОДЕЛИН ЖАЙЫЛТУУЧУЛАР

Ошондой эле катышуучулар бир нече топторго бөлүнүп, 12 жылдык программаны мектептерде ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгат. Жыйынтыгында, мектеп жана усулдук кабинет үчүн эки жол картасы иштелип чыгат.
Айнура Кусеинова билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын көтөрүлүшү, райондук билим берүү бөлүмүнө кызматтык унаанын берилиши абдан жакшы жаңылык болуп, эми мектептерге барып, усулдук жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер