ФЕСТИВАЛДЫН АЛЫСТАН, ЖАКЫНДАН КЕЛГЕН КОНОКТОРУ

  • 23.07.2018
  • 0

ФЕСТИВАЛДЫН АЛЫСТАН, ЖАКЫНДАН КЕЛГЕН КОНОКТОРУ

15-июль, фестивалдын экинчи күнү, арген үндүү балдар-кыздар эстрадалык ырдоо жана дастан айтуу жанрында күч сынашты.

Мен ыр сынагы башталганга чейин көрүүчүлөрдүн арасында олтурган бир катар чыгармачыл топтордун өкүлдөрү менен аңгемелешкенге үлгүрдүм. Менин жанымдагы баарлашым – Невзгода Анатолий коңшулаш Казакстандын Караганда облусунан. Ал беш окуучудан турган «Рондо» элдик аспаптар ансамблинин жетекчиси. Чү дегенде эле менин жаңы таанышым кепти Ысык-Көлгө болгон сүйүүсүнөн баштады.

— Ысык-Көлгө алгач 1971-жылы келгем. Канча жерде болсом да, мындай кооз жерди көргөн эмесмин. Жыл сайын мында үй-бүлөбүз менен эс алабыз. Фестивалга болсо, экинчи ирет катышуудабыз. Өткөн жылы немец композитору Генрих Гендельдин «Пассокальиясын» аткарып, биринчи орунду алганбыз. Окуучуларым дагы барабыз дешти. Бул жолу «Маш ботойду» гитарада ойноп беребиз, — дейт Анатолий Станиславович.

Көрүүчүлөрдүн арасынан Каракалпакстандын «Хурлиман» ансамблинин жетекчиси Бекимбетов Медетбайды жолуктурдум. Ал Ысык-Көлдөн алган таасирлерин айтып берүүгө ашыкты.

— Ысык-Көлдүн сулуулугу сөз менен айтып бере алгыс экен. Ушундай кооздукка бөлөнүп жашаган эл чынында бактылуу деп ойлойм. Фестиваль тууралуу айтсам, 10 окуучумду ээрчите келдим. Шакирттерим ала мойнок дүтар менен элдик күүнү аткарып беришмекчи, — дейт каракалпакстандык конок.

Ушул эле жерден мен Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусунан Рустамова Нигораны кезиктирдим. Нигора  Бишкектин борбордук аянтында кичинекей бийчи кыздары себет менен бийлегенин айтып олтурду.

ФЕСТИВАЛДЫН АЛЫСТАН, ЖАКЫНДАН КЕЛГЕН КОНОКТОРУ

— Өзбектердин күнүмкү турмушу себетсиз өтпөйт. Дандырда жаңы бышкан нанды да себетке салабыз. Аш-тойго да себет менен барабыз, — дейт Гулистан шаарындагы №1 балдардын музыка жана искусство мектебинин директору Нигора Рустамова.

Эми өзүбүздүн өлкөбүздүн чыгармачыл топторуна орун берсем. Алардын айрымдары менен бетме-бет кезигип, сүйлөшө алдым.

— Биздин топ 30 окуучудан турат. Алар ыр, бий, көркөм окуу жанрында  ат салышмакчы, — дейт Талас райондук Балдарга билим берүү борборунан Мирбек Рахматильдеев.

Айтмакчы, бул ирет Талас облусунан  фестивалга Кара-Буура райондук Балдар билим берүү борборунан 25, Талас шаарындагы «Баластан» Балдар билим берүү борборунан 15, Манас райондук Балдар билим берүү борборунан 2 жаш талант келсе,  Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» Балдар чыгармачылыгы борборунан 32, Сузак райондук балдар чыгармачылыгы борборунан 19, Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылыгы борборунан 17 өспүрүм өз күчүн чыгармачыл жарышта сынап көргөнү жатат.

Ошентсе да, фестивалдын эң урунттуу окуясы – Россиянын Яраславль шаарынан 33 адамдан турган чоң делегациянын келиши болду.

— Сиздер дүйнөлүк масштабдагы улуу жазуучунун мекенине келдиңер. Чыңгыз Айтматов орус тилинде жазганы менен бир жагы сыймыктанышыңар керек. Фестивалга катышып, Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныша аласыңар, -деди Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Андрей Сургаев өз мекендештерин көргөнүнө чын дилинен кубанып.

Ошентип, ыр жана дастан сынагы башталды. Балдардын өнөрүнө Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Улукмырза Полотов менен Саламат Садыкова жана «Балажан» борборунан директордун орун басары Замиргүл Молдалиева калыстык кылышты. Жеңүүчүлөргө келсек, эстрадалык ырдоо жанрында 12 жашка чейинкилердин арасында биринчи орунду келечегинен көптү үмүттөндүргөн Кара-Балталык жаш талант Белек Муктарбеков, экинчи орунду Казакстандын Караганда шаарынан №2 искусство мектебинин окуучусу Понамаренко Елизавета, үчүнчү орунду Талас райондук билим берүү борборунан Жакшылыков Адил «Мен кыргыздын уулумун» аттуу ыры үчүн ээледи. Ушундай эле орундар эстрадалык ырдоо жана дастан жанры боюнча 13 жаштан улууларга берилди.

ФЕСТИВАЛДЫН АЛЫСТАН, ЖАКЫНДАН КЕЛГЕН КОНОКТОРУ

Менин жеке баамымда бул жолку фестивалда эки катышуучунун таланты алыстан байкалып турду. Бул экөө келечекте кыргыздын Димашы болорунда шек жок. Алар – Белек Муктарбеков менен Аскат Байышов. Болот Миңжылкиевди идеал туткан Аскат жакында улуттук консерваторияга кабыл алыныптыр.

— Мен 9-класска чейин Нарындагы кыргыз-түрк лицейинде билим алдым. Музыкага болгон сүйүүм мени чоң сахнага алып чыкты, — дейт Аскат.

 

А.Алибеков, «Кут Билим» (Ысык-Көл району,  Сары-Ой айылы, «Барчын»  эл аралык балдар лагери)   

Бөлүшүү

Комментарийлер