ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИ

  • 15.06.2024
  • 0

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИФутбол күйөрмандары күткөндөй эле Евро-2024 чемпионатында талаа ээлери германиялыктар мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтүү менен 14-июндан 15-июнга караган түнү Мюнхен шаарындагы Allianz Arena стадионунда  Шотландия командасын 5:1 эсебинде утуп, алгачкы 3 упайдын ээси болушту.

Беттештин жыйынтыгы алгачкы 45 мүнөттө эле алдын ала аныкталып калды. 20-мүнөткө жетпей эле талаа ээлери эки гол киргизип, таймдын аягында Германия курамасы пенальтиден үчүнчү голду киргизип, одоно оюну үчүн атаандаштын оюнчуларынын бири оюндан четтетилди.

Экинчи таймда немистер оюнду толук көзөмөлдөп, дагы үч гол киргизишти. Эки топту атаандашына, бирөөнү өз дарбазасына киргизди.

“А” тобундагы 1-турдун жыйынтыгы: Германия — Шотландия5:1 (3:0)

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИГолдор: Флориан Виртц, 10 мин. (1:0), Жамал Мусиала, 19 мин. (2:0), Кай Хаверц, пенальтиден 45+1 мин. (3:0), Никлас Фулкруг, 68 мин. (4:0), Антонио Рюдигер , 87 мин. автогол (4:1), Эмре Жан, 90+3 мин. (5:1)

Кызыл айып кагазы менен оюндан четтетилген: Райан Портеус (Шотландия), 44 мин.

Евро чемпионаттын ачылышында Германия Шотландияны жеңип алганы менен   акыркы үч ири турнирде ийгиликке жете алган эмес. 2018-жылы жана 2022-жылкы дүйнө чемпионаттарда алар тайпадан чыга алган эмес.  2020-жылы Европа чемпионатында  1/8 финалга араң өттү, ал жерде Англияга 0:2 эсебинде утулуп калган. Ошол жылдары мурдакы атак-даңкына мактаган Германия командасы кризисти баштан кечиргенин талдоого алып, эми күйөрмандарынын үмүтүн актоого аракет кылап жаткан Жулиан Нагельсман мээнетинин үзүрү бул оюнда байкалды.  36 жаштагы машыктыруучу жөнөкөй нерселерди жасап,  аттандаштарына дээрлик чабуул коюууга  жол бербей командалык оюн көрсөтө алышты. Мурда ар ким өзүн көрсөтүүгө далалат кылса, ынтымагы жок болсо, бул ирет биримдик, немистик тактык байкалды. Нагельсман биринчи кезекте команданы бириктире так иерархияны куруп, дал ушундай ынтымакты жарата алды. Ал  старттык курам, эң жакын резервдерди, ал жигиттердин оюнга чыгууга дээрлик мүмкүнчүлүгүн так аныктап, ролдорду туура бөлүштүрүп, тактикалык жүрүштөрдү тактап, командалык жыйынтыкка көңүл бурууга, чектен чыккан кадамдарды жасабоого футболчуларды ынандыра алган алгачкы оюнда эле айкын байкалды. Ал команданын ыркын бузуп, өзүн жылдыз сезген, мен мыктымын деген бир нече  футболчунун “тизгинин” тартып, ыкка келтирип, Евро чемпионаттын баш байгесине башкы талапкер болушаарын, жеңиш үчүн бардык аракеттерин жумшаарын коркпой-үркпөй эле жалпыга маалымдоо каражаттарына ачык айтып койду.

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИБолгону позитивдүү ой жүгүртүү, машыктыруучуга жана командага ишенүү гана ийгиликтердин башаты экенин биринчи беттешүүдө эле далилдей алды. Немистерде жаштык менен тажрыйбанын эң сонун айкалышуусу оюнда байкалып, көргөн күйөрмандарды дагы кубантты.  21 жаштагы Виртц менен Мусиала дагы бир катар кесиптештери сыяктуу жогорку деңгээлге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин көрсөтүштү. Таланттуу жаш футболчуларга  эң тажрыйбалуу чеберлер – “Барсадан” 33 жаштагы Гюндоган жана “Реалдан” 34 жаштагы Кроос үлгү, өрнөк болуп келишет.

Короновать раньше времени Германию, конечно, не будем. Шотландия не топ-оппонент, чтобы переоценивать старт. Да и проблемы в обороне никто не отменял — более сильные соперники это наверняка еще докажут. Но пока болельщиков захлестывает эйфория — высокие ожидания подтверждаются, старт на домашнем Евро получился идеальным.

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИАтактуу Тонинин улуттук курамага кайтып келгени дагы командага дымак берди. Ал Евро-2020дан кийин кетип калып, кайра келгенде  Нидерландия менен Франция жолдоштук беттештерде анын таасири дароо байкалып, утуп алышкан эле. Командада Кроос чыныгы аналитикалык борбордой, оюндун дирижерундай эле туюлат. Муну айтканы себебим Шотландияга каршы оюндагы 102 аракетинде   101 жолу таамай пас бергени  фантастика, керемет! Алдыда шамдагай жана техникалык Хаверц менен гол киргизген Фюллкругдун ортосунда көпүрө болуп турду.

Албетте, мен Германияны мөөнөтүнөн мурда быйыл Европа чемпиону болот деп так кесе айта албайм.Себеби  Шотландия алгачкы беттешүүдө алар үчүн мыкты атаандаш боло алган жок. Ал эми коргонууда дале көйгөйлөр бар экенин  муну алдыдагы күчтүү атаандаштар албетте далилдейт. Баш байгеге кимдер талапкер болушаарын алдыдагы таймашуулар аныктайт.

Бирок күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан, үмүтүн жандырган жакшы беттешүүгө күбө болдук.

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИБишкек шаарындагы №91 гимназия мектебинин футбол ийриминин устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Ниязбек Алиев футбол боюнча Европа чемпионатынын башталышындагы Шотландиянын Германиядан жеңилип калганы боюна пикирин мындайча билдирди.

-Шотландиялыктар кандай ойносо да Европа чемпионатынын биринчи беттешүүсүндө немистерге каршы тура албады. Алар Германия командасынан апкаарып, коркуу сезими менен жалтаңдап коркок футбол көрсөтүштү. Мында тактикалык даярдыгы мыкты командага теңата болуп, тиш салуу чынында кыйын эле. Алар Германиянын оюнунун түзүмүн бузууга, оюнду курчутууга жана көзөмөлдөөгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок алар өзүнүн оюнун, чеберчилигин көрсөтө алышкан жок.

Ал эми  Гаверц, Мусиала, Кроос, Мюллер жана Виртц бардыгы машыгып жаткандай эле, сабырдуулук менен ойноп, атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербеди. Мындай беттештен кийин Германияны дагы эле фаворит деп атап, ашкере мактабай эле туралы. Себеби, алдырда алардын мизин кайтарып кое турган “азылуу” атаандаштары турат. Испания, Италия, Хорватия, Англия, Дания, Франция, Бельгия, Португалия сыяктуу командаларды утуп, финалга чыкса гана мактоого арзыйт. Негизи Европада футболдун деңгээли өтө жогору. Бул турнирдин ар бир беттешүүсүн рахат менен көрүп, өзүбүзгө сабак алсак болот,-дейт Ниязбек Алиев.

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИЭми «А» тайпасындагы кийинки оюнда Германия 19-июнда Венгрия менен ойносо, ошол эле күнү Шотландия Швейцария менен беттешет.

Топтордун толук курамы:

А тайпасы — Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария

В тайпасы – Испания, Хорватия, Италия, Албания

С тайпасы — Словения, Дания, Сербия, Англия

D тайпасы — Польша, Нидерланды, Австрия, Франция

Е тайпасы — Бельгия, Словакия, Румыния, Украина

F тайпасы — Түркия, Грузия, Португалия, Чехия.

Ар бир тайпадан эки мыкты команда, ошондой эле төртүнчү орунду алган төрт мыкты команда плей-оффко чыгат.

ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИУчурдагы Европа чемпиону 2021-жылы турнирди уткан Италия командасы болуп саналат.  Европа чемпиондугун Германия менен Испания  үч ирет уткан.  Турнирди эки жолу Италия жана Франция жеңип алган. СССР, Португалия, Чехословакия, Голландия, Дания, Греция командалары бир жолудан бул континенттин чемпиону болушкан.

17-ирет өтүп жаткан турнир Германиянын 10 шаарында 24 команданын катышуусунда өтмөкчү.

Бүгүн, 15-июнда Евро-2024 чемпионатынын экинчи күнү “А” жана “В” тайпаларында дагы 3 оюн болот.

Бишкек убактысы боюнча бүгүнкү беттештин жадыбалы:ЕВРО 2024: ГЕРМАНИЯ БИРИНЧИ ОЮНДА ШОТЛАНДИЯНЫ ЖЕҢДИ

19:00 Венгрия — Швейцария

22:00 Испания — Хорватия

01:00 Италия – Албания

 

Кабыл Макешов,   спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер