«ЕВРАЗИЯ ЭЛДЕРИНИН АЙТУУЧУЛАРЫ»

  • 10.11.2022
  • 0

“Манас” улуттук академиясы  Бишкек шаарында «EPIC» китептер сериясына кирген “Евразия элдеринин айтуучулары” жана “Айтуучунун түшү” аталышындагы китептердин бет ачар аземи өткөрүлдү.

"ЕВРАЗИЯ ЭЛДЕРИНИН АЙТУУЧУЛАРЫ"

Академия эпос таануунун тарыхында биринчи жолу Борбордук Азия жана Россия элдеринин эпос айтуучуларынын өмүр баянын (142 айтуучу) бириктирген “Евразия элдеринин айтуучулары” (“Сказители народов Евразии”) китебин басмадан чыгарды.

Ал эми “Айтуучунун түшү” (“Сновидения сказителя”) китебине илимий изилдөөлөрдүн булагы жана дүйнөдөгү эпос айтуучуларды бириктирүүчү фактор катары илим дүйнөсүн эзелтен өзүнө тартып келген дүйнө элдеринин айтуучуларынын түштөрү кирди.

Бет ачар аземге КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев,  КР Президенттик админстрациясынын Изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Аскар Бешимов, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, “Манас” улуттук театрынын директору Азиз Биймырза уулу, Россия Федерациясынын, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү жана XX к. белгилүү манасчыларынын жакындары катышышты.

КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов өз сөзүндө Академия коомчулукка, “Манас” эпосуна кызыккандарга керектүү китептерди чыгаргандыгын белгилеп: “Мындай китептердин жарыкка чыгышы, “Манастын” ар бир окуясын китеп кылып чыгарып тургандын өзү эле кыргыз наркын, салтын улантууга, өнүктүрүүгө кошкон чоң салым», — деп эсептерин билдирди.

Айтуучулук өнөрдү изилдөө менен китептерди басып чыгаруу бүгүнкү коомдогу айтуучунун өзгөчө ролун аныктоого мүмкүндүк берет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер