ЭС АЛУУ МЕНЕН БИЛИМДИ АЙКАЛЫШТЫРУУЧУ ЛАГЕРЬ

  • 11.06.2024
  • 0

Сокулук районундагы жалпы билим берүү уюмдарында жайкы окуу лагери өз ишин баштады.

Лагерге жалпы билим берүүчү уюмдардан баардыгы 1050 окуучу келип катышууда.

Программа боюнча биринчи күнү таанышууда ар бир окуучу өзүн тааныштырып, өзү жөнүндө кеңири баяндап берди. Ар бир окуучу берилген тапшырмаларга кызыгуу менен катышып өз чыгармачылыгын көрсөтүп жатат.

Жайкы окуу лагеринде эс алып жаткан окуучулар сандар сүйлөйт, төрт бурчтуу өлкө, ар түрдүү балдар, Кылычтын командасы, биринчи марафон, топ качмай сыяктуу кыймылга бай оюндарга катышып, «Куурчак театр Чаплини», «Уюк ханышасы», «Аарылар менен баарлашуу», “Көрүп сүрөт тартабыз” деген темаларды камтып окуучуларга кызыктуу сабактарга күбө болушмакчы.

Лагерде иштеген тарбиячылар андагы окуучулардын маанайлары жакшы экенин, ар бир иш-чарага кызыгып катышып жатканын кубануу менен белгилешүүдө. Алар ар бир окуучунун кызыгуу мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жетишүү, эс алуу менен бирге эле билим алууну айкалыштыруу максатын көздөгөн жайкы лагерде балдар өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды аларына ишенишет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер