«ЭНЕЛЕРДИН ЖҮРӨГҮ ЫЙЛАБАСЫН»

  • 12.10.2022
  • 0

"ЭНЕЛЕРДИН ЖҮРӨГҮ ЫЙЛАБАСЫН"

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерге таазим иретинде «Энелердин жүрөгү ыйлабасын» аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Баткен коогалаңында каза болгон жоокерлердин эрдиктери даңазаланып, патриоттук сезимди ойготкон ырлар, сахналаштырылган чакан сценкалар коюлуп, көркөм окуулар көрармандардын жан дүйнөсүн ойготуп, көзгө жаш алдырды. Иш-чараны педагогика факультетинин кураторлору биргелешип даярдашкан.

"ЭНЕЛЕРДИН ЖҮРӨГҮ ЫЙЛАБАСЫН"«Албетте, мындай иш-чара ушуну менен эле токтоп калбайт, кийинки жумада дене тарбия адистигинин кураторлору да ушул сыяктуу иш-чара өткөрүшөт, -дейт факультеттин деканы А.Анапияева.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер