ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВДИН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН КАРОО-СЫНАК

  • 03.12.2021
  • 0

Төкмө акын, ырчы, обончу, КРдин Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналган жана анын чыгармачылыгын эл арасында кеңири даңазалоо, ошондой эле эл аралык деңгээлге чыгаруу максатында өткөрүлүп жаткан кароо-сынактын жобосу.

Кароо-сынак 2021-жылдын 23-декабрь айында, саат 09-00до КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт. Сынакка 15 жаштан 35 жашка чейинки салттуу музыкалык искусствонун аваздык-аспапчылык багытын алып жүрүүчүлөрү, тактап айтканда  Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдаган жана, ошондой эле заманбап ыкмада аткарам деген баардык өнөрпоздор жана музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат. Мындан тышкары Элмирбек Иманалиевдин «Аруузатым» аттуу чыгармасын орус жана англис тилинде ырдагандарга өзүнчө байгелүү орундар каралган кароо-сынак өткөрүлөт.

Бул сынактын негизги максаты — Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү жана түбөлүк сактоо болуп саналат. Келечекте Элмирбек Иманалиев атындагы эки жылда бир берилүүчү сыйлык жана чыгармаларын аткаруучулар арасында атайын конкурс өткөрүп турууну карап жатабыз.

Сынактын жүрүшү жана талаптары

Сынактын катышуучулары музыкалык көркөм каражаттардын же улуттук аспаптын коштоосунда Элмирбек Иманалиевдин төмөнкү чыгармаларын аткарууга тийиш:

1-сынак

Англис жана орус тилинде – «Аруузатым» чыгармасы

(*тиешелүү тилде чыгарманын текстти тиркемеде)

2-сынак

Кыргыз тилинде – Элмирбек Иманалиевдин автордук чыгармаларынын негизинде жүргүзүлөт

Женүүчүнү аныктоо шарттары

1-сынак

Бир гана ырды аткаруу боюнча сынак жүрүп жаткандыктан конкурс бир тур менен гана өтүп, калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн талаптардын негизинде карап конкурстун жеңүүчүсүн аныкташат.

Конкурстун катышуучусу «Аруузатым» аттуу чыгарманы англис же орус тилдеринде (өзү каалаган аспаптын коштоосунда, ансамбль же оркестр менен жана ошондой эле эстрадалык минусовканын коштоосунда) аткарууга тийиш. Чыгарманын текстинин орус жана англис тилдериндеги котормолору жобого тиркелет.

Баалоонун негизги талаптары:

  • Англис жана орус тилдеринде так жана туура ырдоосу
  • Чыгарманын аткаруу стилинин сакталышы;
  • Чыгарманын нукуралуулугу;
  • Аткаруучулук чеберчилиги;
  • Үнүнүн мукамдуулугу;
  • Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк деңгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, фразировка, аспап менен туура коштой билиши);
  • Аранжировканын же оркестровканын оргиналдуулугу;
  • Сахна маданияты.

Жогорудагы  талаптардын негизинде Элмирбек Иманалиевдин «Аруузатым» аттуу ырын англис тилинде аткаргандарга 1-2-3-байгелүү орундар жана орус тилинде аткарган аткаруучуларга дагы өзүнчө 1-2-3-байгелүү орундар ыйгарылат.

Байге-сыйлыктар:

«Аруузатым» англис тилинде

  • I-орун I-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 15 000 (он беш миң) сом
  • II-орун II-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 12 000 (он эки миң) сом
  • III-орун III-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 10 000 (он миң) сом

Жогорудагы байгелүү орундардан тышкары мыкты аткаруучулар атайын кызыктыруучу сыйлактар жана 3 000 (үч миң) сом менен сыйланат

«Аруузатым» орус тилинде

  • I-орун I-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 15 000 (он беш миң) сом
  • II-орун II-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 12 000 (он эки миң) сом
  • III-орун III-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 10 000 (он миң) сом

Жогорудагы байгелүү орундардан тышкары мыкты аткаруучулар атайын кызыктыруучу сыйлактар жана 3 000 (үч миң) сом менен сыйланат.

2-сынак

Кыргыз тилинде – Элмирбек Иманалиевдин автордук чыгармаларынын негизинде жүргүзүлөт (*чыгармалардын тизмеси тиркемеде)

Кароо-сынак 2 айлампа менен өтөт:

1-айлампа:

Аткаруучулар Элмирбек Иманалиевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуз аспабынын коштоосунда аткарууга тийиш. Комузду өзү чертүүсү шарт. Аткаруучунун жалпы музыкалык жөндөмүн, аткаруучулук чеберчилигин, аспап менен үндүн айкалышуусу, үнүнүн тембри баштаган бир нече критерийлер эске алынат. Комуз аспабынан тышкары аккордеон, эстрадалык жаңы оранжировка же ансамбль, оркестрдын коштоосунда дагы аткаргандар болсо катышса болот. Болгону, эгер ушул аткаруучулардын ичинен экинчи турга өткөндөр болуп калса, жобого ылайык Элмирбектин көлөмдүү чыгармаларынан дагы ырдоосу керек болот. Жалпы катышуучулардын ичинен калыстар тобу эң мыкты аткаруучуларды тандап алып, экинчи айлампага жолдомо берет.

2-айлампа:

Биринчи айлампада тандоодон өткөн баардык аткаруучулар Элмирбектин чыгармаларынын ичинен эки чыгарма аткарууга тийиш. Эки чыгарманы тең көлөмдүү чыгармаларынан аткарууну каалаган аткаруучулар болсо, уруксаат берилет. Ал эми ошол эки чыгарманын бирөөсү куплеттик формадагы обондуу ыр болсо, анда экинчи чыгармасы сөзсүз түрдө көлөмдүү чыгарма болуусу зарыл. (Мисалга: Терме, санат-насыят чыгармалары, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлары, кайрылуу, арноо же жоктоо ырлары болушу мүмкүн). Ушул айлампадан эки чыгарманы эң жогорку денгээлде аткарып, баардык талаптарга жооп берген аткаруучулардын ичинен эң мыктыларынын негизинде байгелүү орундар аныкталат.

Эгерде кайсы бир аткаруучуларга алдынкы орундарды ыйгарууда калыстар арасында талаш маселелер же эки аткаруучунун упайлары тең болуп калган жагдайлар кездешсе, калыстар тобунун төрагасы эки добушка ээ экенин эске алуу менен төрага тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Калыстар тобу жогорку денгээлдеги ар тармактын эң алдыңкы адистери болгондуктан алардын чыгарган акыркы чечими кайрадан каралбайт.

Баалоонун негизги талаптары:

  • Чыгарманын аткаруу стилинин сакталышы;
  • Чыгарманын нукуралуулугу;

(*Экинчи турга өткөндөр, көлөмдүү чыгармаларды Э.Иманалиев аткаргандай комуздун коштоосу менен аткарылышы зарыл);

  • Аткаруучулук чеберчилиги;
  • Үнүнүн мукамдуулугу;
  • Музыкалык көркөм каражаттардын кесипкөйлүк денгээлинде колдонулушу (дем алуу, дикция, фразировка, аспап менен туура коштой билиши);
  • Оранжировканын же оркестровканын оргиналдуулугу;
  • Сахна маданияты.

Байге-сыйлыктар:

  • Гран-при, эң мыкты даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 40 000 (кырк миң) сом
  • I-орун I-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 30 000 (отуз миң) сом
  • II-орун II-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 20 000 (жыйырма миң) сом
  • III-орун III-даражадагы диплом, (1 аткаруучуга) 10 000 (он миң) сом

Жогорудагы байгелүү орундардан тышкары мыкты аткаруучулар атайын кызыктыруучу сыйлактар жана 3 000 (үч миң) сом менен сыйланат

Уюштуруучу топ:

  • Айгине маданий-изилдөө борбору;
  • Элмирбек Иманалиевдин үй-бүлөөсү, жакын достору жана чыгармаылык чөйрөдөгү жакын адамдары;
  • «Айтыш» коомдук фонду;
  • Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ;
  • КТРК.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер