ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 14.09.2022
  • 0

Бул макалада экинчи жана төртүнчү класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн баалоонун (EGRA) негизги жыйынтыктарына кыскача сереп берилет. Изилдөө 2021-жылы жазында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

Бул изилдөө «Окуу керемет!» долбоору үчүн баштапкы баалоо катары өткөрүлдү, ал эми долбоордун натыйжалуулугун баалоо үчүн жыйынтыктоочу изилдөө 2024-жылы жүргүзүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыктары башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоону жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну пландаштыруу, усулдук колдоо жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Изилдөөгө катышууга тандалган топ

Баштапкы изилдөөгө жалпы Кыргызстан боюнча кокусунан тандоо ыкмасы менен тандалып алынган 276 мектепте окуган экинчи жана төртүнчү класстардан 5000ден ашуун окуучу катышты. Белгилей кетсек, изилдөөгө тажик тилинде окуткан 3 мектеп жана өзбек тилинде окуткан 26 мектеп да катышты. Бул мектептер USAIDдин башталгыч мектеп окуучуларынын окуу жана математика көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган долбоорго биринчи жолу катышып жаткандыктан, алардын баштапкы жана жыйынтыктоочу баалоодогу көрсөткүчтөрү (2021-жылы баштапкы баалоо, 2024-жылы жыйынтыктоочу баалоо) өзүнчө салыштырылат. Изилдөөгө катышууга тандалган окуучулардын тобу жөнүндө толук маалымат 1-таблицада берилген.

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

 

* ордуна толтурулган маалыматтар

Баалоо инструменти

«Окуу керемет!» долбоорунун алкагында колдонулган EGRA инструменти – USAIDдин каржылоосу менен Кыргыз Республикасында буга чейин өткөрүлгөн башталгыч мектеп окуучуларынын окуу көндүмдөрүн баалоонун адаптацияланган инструменти болуп саналат.

EGRA окуунун соңку максаты болгон шар окуганды жана окуганын түшүнө билүүнү үйрөнүү үчүн окуучуга керек болгон базалык көндүмдөрдүн калыптануу деңгээлин аныктайт. Бул көндүмдөргө тамгаларды жана тыбыштарды таануу, декодирлөө, шар окуу жана окуганын түшүнүү көндүмдөрү кирет. Жогорку деңгээлдеги көндүмдөр (мисалы, шар окуу жана түшүнүү) баштапкы деңгээлдеги көндүмдөр болуп эсептелет (мисалы, тамгаларды жана тыбыштарды таануу, декодирлөө). Баштапкы деңгээлдеги көндүмдөрдүн калыптанышы андан аркы окуу көндүмдөрүнүн өнүгүшүн шарттайт. Демек, кандайдыр бир окуучу тексттин үзүндүсүн окуп түшүнө албаса да, EGRA инструменти анын бул максатка жетишүүсү үчүн шарт болгон баштапкы деңгээлдеги көндүмдөрдү өздөштүрүүдөгү ийгиликтерин аныктай алат.

«Окуу керемет!» долбоору EGRA инструментин 2021-жылдагы изилдөө үчүн адаптациялаган учурда «тамганын аталышын аныктоо», «баштапкы тыбышты аныктоо» жана «тааныш сөздөрдү окуу» сыяктуу жөнөкөй көндүмдөрдү аныктай турган бөлүмдөрдү алып салды, себеби 2018-жылы өткөрүлгөн баалоодо эки класс тең бул бөлүмдөр боюнча жетиштүү деңгээлде жогорку жыйынтыктарды көрсөтө алышкан (School-to-School & Chemonics, 2018). Алардын ордуна, окуучулардын өз алдынча окуган текстти түшүнө билүүсүн кошумча баамдоо максатында үн чыгарбай «ичинен» окулган текстти түшүнүү бөлүмү киргизилген. 2021-жылы өткөрүлгөн баштапкы баалоого кирген бөлүмдөр 2-таблицада берилген.

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

 

Окуу боюнча жыйынтыктар

2021-жылы өткөрүлгөн EGRA изилдөөсүнүн жыйынтыктары окутуу жүргүзүлгөн бардык төрт тил боюнча (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) экинчи класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрү жетишерлик жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн көрсөтүп турат. Дээрлик бардык мектептерде экинчи класстардын окуучулары шар окуу нормативине ылайык мүнөтүнө орто эсеп менен 40тан ашык сөздү туура окушту.

Төртүнчү класстардын окуучуларынын арасында шар окуу нормативин окутуу орус тилинде жүргүзгөн мектептердин окуучулары аткара алышты: алар орто эсеп менен мүнөтүнө 85 сөздү туура окушту. Экинчи жана төртүнчү класстардын окуучуларынын шар окуу боюнча орточо упайлары окуу тили боюнча 3-таблицада көрсөтүлгөн.

3-таблица. Шар окуу боюнча жыйынтыктар, окуучулардын окуган классы жана тили боюнча

 

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Тилекке каршы, экинчи класстын окуучулары окуганын түшүнүү боюнча төмөнүрөөк натыйжаларды көрсөтүштү. Тактап айтсак, окуучулар окуган текстин түшүнгөнүнө карата берилген беш суроонун ичинен орто эсеп менен экөөнө гана туура жооп бере алышты. Төртүнчү класстын окуучулары саал жакшыраак натыйжаларды көрсөтүштү: алар окуганын түшүнгөнү боюнча орто эсеп менен 3 суроого туура жооп беришти. Окуучулардын окуганын түшүнүү көндүмдөрү боюнча орточо пайыздык упайлары 4-таблицада окуучулардын окуган классы жана тили боюнча берилди.

4-таблица. Окуганын түшүнүү боюнча көрсөткүчтөр, окуучулардын окуган классы жана тили боюнча

 

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Окуган классына жана тилине карабастан, окуу көндүмдөрүнүн калыптанышы боюнча кыздар эркек балдарга караганда тесттин дээрлик бардык бөлүмдөрү, айрыкча шар окуу боюнча, жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү.

Шаардык мектептердин окуучулары, окуган классына жана тилине карабастан, айылдык мектептерде окуган курдаштарынан тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча алдыга озуп чыгышты. Шаар жана айыл жергесинде жайгашкан мектептердин ортосундагы өзгөчө чоң ажырым орус тилдүү мектептердин экинчи класстарынын окуучуларынын арасында тесттин бардык бөлүмдөрүндө байкалды. Төртүнчү класста бул ажырым бир аз кыскарды.

Жалпысынан алганда, баалоого катышкан эки класста бардык окутуу тилдеринде билим алган окуучулар текстти үн чыгарып окуп түшүнүү бөлүмүнө караганда угуп түшүнүү жана «ичинен» окуп түшүнүү бөлүмдөрүнүн тапшырмаларын мыкты аткарышты, бирок айырмачылык чоң эмес. Мындай натыйжалар көзөмөл алдында шар жана туура окуу маселеси турган учурда кээ бир окуучулардын толкундануусуна байланыштуу болушу мүмкүн. «Жок сөздөр» бөлүмү боюнча эки класстын окуучулары бардык тилдерде дээрлик бирдей натыйжаларды көрсөтүштү. Тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча экинчи жана төртүнчү класстардын окуучуларынын орточо упайлары 5-таблицада берилген. Белгилей кетсек, тажик тилинде окуткан мектептердин көрсөткүчтөрү репрезентативдүү эмес, алардын жогорку көрсөткүчтөрү баалоого өтө аз сандагы окуучулардын (60 окуучу) катышуусу менен түшүндүрүлөт.

 

ЭКИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КЛАССТАРДЫН ОКУУ ЖАНА ОКУГАНЫН ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

 

Орточо упай (максималдуу упай = 100)

Мектеп чөйрөсү

Окуучулардын окуп-үйрөнүү натыйжаларына таасир эте турган контексттик факторлорду түшүнүү үчүн, EGRA менен бирге мектептеги жалпы иш алып баруунун натыйжалуулугуна (SSME) сереп жүргүзүлдү. SSME үчүн мугалимди, МУБ жетекчисин/окуу бөлүм башчысын жана китепканачыны сурамжылоо анкеталары жана класстык бөлмөлөрдүн жабдылышына байкоо жүргүзүү формасы иштелип чыккан. Окуу чөйрөсүнүн көп кырдуулугун түшүнүү үчүн, бардыгы 511 мугалим, 263 окуу бөлүм башчысы жана 234 китепканачы сурамжыланды; 508 класстык бөлмөлөрдүн жабдылышына байкоо жүргүзүлдү. SSME сурамжылоолору окуу чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди.

Окуучулардын деңгээлинде бир нече оң таасир берүүчү факторлорду белгилөөгө болот, анын ичинде үй-бүлөдө бирге китеп окуу, мектеп китепканасындагы китептерди үйдөн окуу үчүн алуу мүмкүнчүлүгү жана класста кошумча китептердин болушу. Мисалы, бардык класстар жана окуу тилдери боюнча изилдөөгө катышкан окуучулардын жарымынан көбү мектеп китепканасынан үйдөн окуу үчүн китептерди аларын белгилешти. Окуучулар үйүндө кайсы тилдерде сүйлөшө тургандыгы жөнүндө түшүнүк да ала алдык. Мисалы, изилдөөгө катышкан орус тилинде билим алган окуучулардын 50% үйдө кыргыз тилинде, ал эми 23% өзбек тилинде сүйлөшөт.

Мектеп деңгээлинде, бардык мектептер боюнча дээрлик 62% окуучулардын мугалимдери окуучулар окуганды экинчи класста гана үйрөнөт дешкен. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучуларынын болжол менен 25%ынын мугалимдери кесиптик орто билимге ээ, ал эми өткөн окуу жылында сабактарды пландоодо мугалимдер эң көп колдонгон ресурстар катары окуу китептери, интернет-ресурстар жана мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор белгиленди.

Сурамжылоого катышкан окуучулардын басымдуу көпчүлүгү үйдө телевизор жана смартфондор бар экендигин билдиришти; үйүндө Интернет бар экендигин билдирген окуучулардын саны мындан бир аз азыраак.

Корутундулар

2021-жылы өткөрүлгөн баштапкы EGRA изилдөөсүнүн жыйынтыктары бир нече маанилүү корутундуларды чыгарууга мүмкүндүк берди.

Окуучулардын шар окуу боюнча көрсөткүчтөрү орус тилинен бөлөк бардык тилдерде экинчи класстан төртүнчү класска карай төмөндөдү, ал эми окуганын түшүнүү боюнча көрсөткүчтөрү, тескерисинче, экинчи класстан төртүнчү класска карай жакшырды. Демек, окуганын түшүнүү көндүмдөрү убакыттын өтүшү менен өнүгөт деген тыянак чыгарууга болот.

Класстар жана окутуу тилдери боюнча кыздар EGRAнын дээрлик бардык бөлүмдөрү боюнча эркек балдарга караганда алдыңкы жетишкендиктерди көрсөтүштү.

Бардык класстар жана окутуу тилдери боюнча шаардык мектеп окуучулары айылдык курдаштарына караганда жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү. Шаардык жана айылдык мектептердин окуучуларынын окуу көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлиндеги өзгөчө чоң ажырым орус тилдүү мектептердин экинчи класстарынын окуучуларынын арасында байкалды.

Сунуштар

Кыргыз Республикасында окуучулардын окуу көндүмдөрүн баалоонун жыйынтыктарын талдоонун негизинде иштелип чыккан сунуштар төмөндө келтирилди.

Ар кандай стратегияларды колдонуу аркылуу окуучулардын окуганын түшүнүү көндүмдөрүн кантип калыптандыруу керектиги тууралуу мугалимдердин түшүнүгүн өнүктүрүүгө көңүл буруу маанилүү (лексика, угуп түшүнүү, түрлүү суроолорду жана баяндоонун ар кандай түрлөрүн колдонуу ж. б.).

Окуучулардын түшүнүү көндүмдөрүн өрчүтүү үчүн мугалимдерди сабак учурунда фактологиялык суроолор менен гана чектелбестен, ар түрлүү суроолорду колдонуу стратегияларына үйрөтүү чоң мааниге ээ.

Сабакта диагностикалык курал катары калыптандыруучу баалоону колдонуу мугалимге окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруудагы көйгөйлөрдү тереңирээк түшүнүүгө жана аларды баштапкы этаптарда аныктоого, окутуу процессин оңдоп-түзөө жана ылайыкташтыруу максатында окуучулардын жеке прогрессин көзөмөлдөөгө жардам берет.

Эркек балдар менен кыздардын окуу көндүмдөрүн калыптандырууда олуттуу айырмачылыктар болгондуктан, мугалимдерди окутууда гендердик ажырымды азайтуу стратегияларын эске алуу керек.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин окуучуларына максаттуу колдоо керек болушу мүмкүн, себеби мектептердин жайгашкан жерине карабастан, экинчи класстан төртүнчү класска карай окуучулардын окуу жана түшүнүү жетишкендиктери төмөндөшү байкалат.

Айыл жериндеги мугалимдерге жана мектептерге кошумча колдоо көрсөтүү бул мектептердеги артта калган окуучулардын окуп-үйрөнүү натыйжаларын жакшыртууга жардам берет.

Орус тилинде окуган айылдык мектептерге өзгөчө көңүл буруу керек. Билим берүүдө окуучулардын эне тилин эске алуу стратегияларын жана окуу тилинде кошумча окуу үчүн материалдарды камтуу керек.

Класстан тышкаркы окуу иш-чараларын уюштуруу жана башталгыч класстардын окуучуларына мектептен жана үйдөн окуу үчүн китептердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында китепканачылар менен даректүү иш алып баруу керек.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү дарек боюнча Окуу керемет! долбоорунун кеңсесинен алууга болот: Бишкек ш., 720040, Эркиндик бульвары, 30/1

Айзада Мамытова,
Мониторинг, баалоо жана коммуникация боюнча директор Электрондук дареги: [email protected]

 

Бөлүшүү

Комментарийлер