«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ» АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ
- 20.05.2026
- 0
Бүгүн өлкөдө Бишкек шаарынын мери А.Джунушалиев жана агартуу министри Д.Кендирбаева катышкан билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү, жетишкендиктерди жана алдыдагы максаттарды талкуулаган «Доор өзгөрткөн билим» аталышындагы ата-энелер форуму өтүүдө. Иш-чарада 2025-2026-окуу жылынын жыйынтыктары чыгарылып, 2026-2027-окуу жылына карата негизги пландар тааныштырылды.

Форумдун биринчи бөлүгүндө мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тармагындагы реформалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Анда мектепке чейинки билим берүү менен 3-5 жаштагы балдардын камтылышы 51 пайызга жеткени, өлкө боюнча 2344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланып жатканы айтылды. Ошондой эле жаңы мамлекеттик стандарттар кабыл алынып, бардык бала бакчалар санариптик платформага өткөрүлгөнү маалымдалды.
Мектептик билим берүү тармагында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги себептери жана артыкчылыктары өзгөчө белгиленди. Жаңы окуу программалары 1- 2- 5- 7-класстарда ишке ашырылып жатканы, кийинки окуу жылында 3- жана 8-класстар жаңы программалар менен окуй турганы айтылды.

Форумда агартуу министри Д.Кендирбаева ЖРТ көрсөткүчтөрүнө да токтолуп өттү. Акыркы жылдары тестке катышкан окуучулардын саны өсүп жатканы, ал эми окуучулар үчүн «Булак» платформасы аркылуу акысыз даярдык көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнү айтылды. Бүгүнкү күндө бул платформага 94 миңден ашуун окуучу катталган.
Ошондой эле өлкөдө моделдик мектептерди түзүү, STEM-лабораторияларды ачуу, мектеп технопарктарын өнүктүрүү жана жаңы муундагы окуу китептерин басып чыгаруу иштери жүрүп жатканы белгиленди. Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик «Туңгуч» онлайн мектебинин ачылышы билим берүүдөгү маанилүү жаңылык катары бааланды.
Форумда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, санариптештирүү аркылуу бюрократияны азайтуу жана ата-энелер үчүн электрондук кызматтарды өнүктүрүү маселелерине да көңүл бурулду. Мектепке жана бала бакчага онлайн каттоо, ЖРТга санариптик катталуу, медициналык маалымкаттарды электрондук форматка өткөрүү сыяктуу кызматтар ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатканы айтылды.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү ата-энелер менен ачык суроо-жооп форматында уланууда. Анда билим сапаты, окуу китептери, 12 жылдык билим берүү системасы, мектептердеги коопсуздук, санариптик платформалар жана мугалимдердин даярдыгы боюнча суроолор талкууланып жатат.
Форум билим берүү тармагындагы реформаларды коомчулукка кеңири түшүндүрүү, ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүү жана билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү биргелешкен аракеттерди күчөтүү максатын көздөйт.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «КБ»
Комментарийлер