ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

  • 04.10.2025
  • 0

Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы  Адылбек  Касымалиевдин катышуусунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүүгө зор салым кошкон бир катар жетекчилерге, ошондой эле билим берүү тармагын колдогондорго, республикалык сынакта алдыга чыккан мугалимдерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

Агартуу министри Догдургуль Кендирбаева 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө  зор салым кошкондугу, үзүрлүү эмгеги, санариптик билим берүүнү өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана колдоону чыңдоого кошкон олуттуу салымдары үчүн “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалы менен  төмөнкү жетекчилерге тапшырды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

Алар:

Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна;

Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Самыкбаева Лира Аманбаевна;

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Дюшеева Назира Кубанычбековна;

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы Билим берүү сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Шамшидинова Бактыгуль Сабыржановна;

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Мусина Дария Сапарбековна;

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Чонтоев Догдурбек Токтосартович;

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич;

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институттун директору Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович;

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Джейлан;

Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин экс министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;

“Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин башкы директору Дайырбекова Гулнара Мелисовна;

“Эпсилон” жалпы билим берүү мектебинин директору Дикамбаев Азамат Шамильевич;

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин (АУЦА) вице-президенти, башкы аткаруучу жетекчиси Шамшиев Чынгыз Болотбекович;

Америка технологиялар институтунун негиздөөчүсү Эмиль Бильгазиев.

Мындан сырткары министр “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйлады.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: МУГАЛИМ – КООМДУН ЖҮРӨГҮ, ЭЛДИН РУХУ

Алар:

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Асанова Элзат Бакытовна;

Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Токтоноева Ардак Аналбековна;

Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Салахудинова Озада Хасанбаевна;

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими Асылбеков Азирет Эмилевич;

Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Адам жана коом” предмети боюнча мугалими Хафизова Зулхумор Шакиржановна;

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жайгашкан №14 А.Тангатаров атындагы жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинин англис тил мугалими Шорохова Махабат Абдрасуловна;

Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Шаршенбаева Надира Абадановна;

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Урпалыев Кубанычбек;

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Кыдыров Асылбек Бердибекович;

Чүй облусунун Сокулук районундагы Б. Жамгырчинов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Акматова Бегим Ажимбековна;

Чүй облусунун Жайыл районундагы Чүй облустук гимназия мектеп-интернатынын “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалими Ырысбеков Арген Ырысбекович;

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун О.Элебесов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин география мугалими Бектенов Самат;

Ысык-Көл облусунун Түп районунун №10 М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Талантова Айкерим Талантовна;

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы № 1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Токоева Айнура;

Талас облусундагы Манас районундагы Покровка орто мектебинин англис тили мугалими Карабекова Раушан Жаркынбековна;

Ош шаарындагы В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин англис тил мугалими Наркулова Асылгул Аскаралиевна;

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Калкан Керималиев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мааткеримова Дамира Оруналиевна.

Сыйлык ээлерин куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер