Догдургүл Кендирбаева: «Өнүгүү кодун өзүңдүн тарыхыңдан изде»

  • 12.02.2025
  • 0

Догдургүл Кендирбаева: «Өнүгүү кодун өзүңдүн тарыхыңдан изде»

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева шаршембиде Улуттук илимдер академиясындагы “Уңгу жол: учур жана келечек”   аталышында болгон илимий-практикалык конференцияга катышып, сөз сүйлөдү. Министр өзүнүн сөзүндө “Улуттук дем —  дүйнөлүк бийиктик уңгу жолунун”  ар тараптуу өнүккөн, мекенчил, билимдүү кыргыз жаранын калыптандыруудагы маанисин баса белгиледи.

«Бул бизди бириктирүүчү, бир багытка алпара турган өтө маанилүү жол. Социалдык терс нормаларды жокко чыгарып, мекенге кызмат кылуу, үй-бүлөгө кызмат кылуу, ата-энеге кам көрүү кенедей кадамдан башталарын көрсөткөн, бизди бириктире турган жол болуп саналат. Көп тил билели, бирок өз тилибизди милдеттүү түрдө билели. Анткени дүйнөдө канча бир кылым басып өткөн кыргыз тарыхы дүйнөнүн ачылбаган архивдеринде кол тийбей жатат. Мезгил келгенде ошол тилдерди билген балдарыбыз чоң ачылыштарды табат. Өзүңдүн өлкөң өнүксүн десең, өнүгүү коддорун өзүңдүн тарыхыңдан изде! Анткени бүт баары ошол жерде. Бизден оор мезгилди, бизден кыйын учурду басып өткөн элибиздин  бардык маалыматтары, билим-илими, тактикадан баштап стратегия программабызга чейин баары ичинде. Биз аны туура талдап чечмелеп, окуучуларыбызга коомго сиңирүүбүз керек”,-деди Догдургүл Кендирбаева.

Бөлүшүү

Комментарийлер