“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ПРЕДМЕТИ: ӨЛКӨ БОЮНЧА МУГАЛИМДЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

  • 15.08.2022
  • 0

Бүгүн, 15-августта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган тарых сабагынын мугалимдерин жана теологдорду окутуу башталды.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады. Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө.

Окуулар үч агымда өтүп, 2-сентябрга чейин офлайн режиминдеги сабактар жыйынтыкталат:

Биринчи агым – 15-августтан 19-августка чейин;

Экинчи агым – 22-августтан 26-августка чейин;

Үчүнчү агым – 29-августтан 2-сентябрга чейин;

Офлайн форматтагы окутуудан кийин мугалимдер сабактарды өтүп баштаса болот.

Ал эми онлайн режимдеги окуулар 23-сентябрга чейин уланат. Окууга катышкан мугалимдердин баарына мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынын графиги менен төмөндө тааныша аласыз:

график

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер