Депутат Эльвира Сурабалдиева Сокулук районундагы мектептерге интерактивдүү панелдерди тапшырды

  • 10.09.2025
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагына иш сапары менен барып, Биримкул атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жана Бейшеналы атындагы мектеп-комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева Сокулук районундагы мектептерге интерактивдүү панелдерди тапшырды

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы кабарга караганда, эл өкүлү аталган билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттары менен да жолугушуу өткөрүп, окутуу процессине катышты.

Ошондой эле окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу жана санариптик технологияларды кеңири колдонууга шарт түзүү максатында Төраганын атынан мектептердин ар бирине бирден электрондук интерактивдүү панелдерди тапшырды.

Аталган техникалык жабдуулар Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн каражатка сатылып алынган.

(Б.К)

Бөлүшүү

Комментарийлер