ЧОЛОК-КАЙЫҢ ЭЛИ КҮТКӨН МЕКТЕП КАЧАН АЧЫЛАТ?

  • 12.05.2026
  • 0

11 жылдан бери бүтпөй келген мектептин курулушу быйыл аяктайт.
Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы мектептин курулушу 2014-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин толук бүткөрүлө элек. Бул маселе дубан башчысынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жолугушууда дубан башчы мектептин курулушу учурда 80 пайызга аяктаганын белгилеп, жаңы окуу имараты быйыл күзүндө пайдаланууга берилерин билдирди. Анын айтымында, курулушу узакка созулуп кеткен социалдык объектилер этап-этабы менен толук бүткөрүлөт.
Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталган. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 108 миллион сом каралган.
Белгилей кетсек, азыркы учурда мектепте 600гө жакын окуучу билим алууда. Окуу жайдын биринчи корпусу 1958-жылы, ал эми экинчи корпусу 1987-жылы курулган.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер