ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

  • 14.02.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын жарандары чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларына үч жол менен окууга тапшыра алат. Алардын биринчиси, Кыргызстандын Өкмөтү менен чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер, экинчиси, өз алдынча каалаган мамлекеттен каалаган окуу жайын, каалаган адистигин тандап алып интернет аркылуу тапшыруу, үчүнчүсү — тил үйрөтүүчү курстар, агенттиктер, түрдүү программалар аркылуу кетүү.

 

БИРИНЧИ ЖОЛ – ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮН

ӨКМӨТТҮК КВОТАЛАРЫ

Кыргызстандын Өкмөтү менен чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча чет мамлекеттердин жождоруна кабыл алуу КР Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу ишке ашырылат. Министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмү маалымдагандай, учурда Казакстан, Белоруссия, Кытай жана Венгрия мамлекеттери тарабынан бөлүнгөн квоталар боюнча иш жүргүзүлүүдө. 2019-2020-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасы тарабынан бөлүнгөн 14 стипендиялык орунга тандоо жүрүп жатса, Азербайжан, Венгрия жождоруна кабыл алуу аяктады. Россия менен Түркия тарабынан бөлүнгөн стипендиялык программалар өз алдынча тараптардын өкүлчүлүктөрү аркылуу ишке ашырылат.

КАЗАКСТАН

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Кыргызстандын Өкмөтү менен Казакстандын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыгы тууралуу келишимге ылайык, 2006-жылдан бери бештен бюджеттик орун бөлүнүп келет. Бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат жылдын I-II кварталында Билим берүү жана илим министрлигине келип, ал сайтка жайгаштырылат жана «Кут Билим» гезитине, башка массалык маалымат каражаттарына (Акипресс, 24 kg, КТРК, Facebook социалдык тармагы, ж.б.) чыгарылат. Документтерди кабыл алуу иштерин Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмү аткарат.

БЕЛОРУССИЯ

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Бул мамлекеттин ЖОЖдоруна дагы эки тараптын макулдашуусунун негизинде жыл сайын 10 орунга чейин (адистерди, аспиранттарды, докторанттарды окутуу, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу жана такшалуу) бюджеттик орун бөлүнөт. Бөлүнгөн бюджеттик орундар тууралуу маалымат жана талап кылынган документтердин тизмеси КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жайгаштырылат.

 

ВЕНГРИЯ

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Бул мамлекет Кыргызстандын жарандары үчүн 2006-жылдан бери жылда жыйырма бештен ашык орун берип келет. 2018-2019-окуу жылына 27 орун бөлүнгөн. Быйыл болсо 25 орун бөлүнүп, каалоочулар 15-январга чейин онлайн режиминде катталып, 1-февралга чейин документтерин Билим берүү жана илим министрлигине тапшырды. Бул мамлекеттин жогорку окуу жайлары жана адистиктери, тапшыруунун жолдору тууралуу маалыматты https://apply. stipendiumhungaricum.hu/ дарегинен алса болот.

 

КЫТАЙ

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматтыштык жөнүндө макулдашууга (2015-жылдын 16-декабры, Пекин шаары) жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга (2006-жылдын 15-июну, Шанхай шаары) ылайык Кытай тарабынан жыл сайын КР жарандары үчүн он бешке чукул бюджеттик орундар бөлүнөт. Былтыр жалпы 15 орун бөлүнсө, 2019-2020-окуу жылына 14 орун бөлүндү. Кытайдын жождоруна тапшыруунун жол-жоболору министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган. Учурда документтерди кабыл алуу жүрүүдө. Бул мамлекеттен билим алууну каалагандар 1-мартка чейин документтерин тапшыруусу керек. Конкурс 4-5-мартта болот. Талапка ылайык, тапшыргандардын жаш курагы төмөндөгүдөй болушу керек: бакалавр программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин; магистратура программасы боюнча – 35 жашка чейин; докторанттар – 40 жашка чейин; “Кытай тил такшалмасы” программасы боюнча – 18 жаштан жогору.

 

РОССИЯ

Россиянын жогорку окуу жайларынын бюджеттик орундарына жыл сайын үч жүздөн ашуун орун бөлүнөт. Мурда талапкерлерди тандоо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлсө, 2014-жылдан бери бул ишти Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жүргүзүп келет. Башкача айтканда, Россия Федерациясы тарабынан өкмөттөр, мекемелер жана жождор аралык келишимдердин негизинде бөлүнгөн бюджеттик орундар (ЖККУ, КМШ жана ШКУУ) Роскызматташтык аркылуу бөлүштүрүлөт. Россиянын жогорку окуу жайларынан билим алууну каалагандар Роскызматташтыктын RUSSIA.STUDY сайтына кирип кенен маалымат алса болот.

 

ТҮРКИЯ

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Түркиянын жождоруна стипендиялык программа боюнча кабыл алуу эки мамлекеттин Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы билим берүү тармагы боюнча макулдашуусунун негизинде 1996-жылы башталган. 2012-жылдан бери КР жарандарын бул мамлекеттин жождоруна кабыл алуу иштери Түркия Республикасынын Элчилиги аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлерди каттоо «Түркия стипендиялары» (Turkiye Burslari) программасынын сайтында онлайн режиминде болот. Тандоо боюнча акыркы чечимди Түркия Республикасынын Президентинин алдындагы Билим берүү боюнча кеңеши кабыл алат.

 

ТАЖИКСТАН

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

2007-жылдан бери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы келишимге ылайык жыл сайын эки тарапка тең 25 бюджеттик орун бөлүнөт. Тажикстандын жождоруна кирүү үчүн документтерди кабыл алуу иштери жана сынактык тандоо И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кызыл-Кыя геотехнологиялар жана жаратылышын пайдалануу институтунда жүргүзүлөт.

 

ЭСКЕРТҮҮ: Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынан билим алууну каалагандар КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан Стипендиялык программалар деген блогунан, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин сайттарынан жана Интернет булактарынан мезгил-мезгили менен маалымат алып турушу керек.

 

Чет мамлекеттерде билим алууну каалагандардан талап кылынуучу документтер

(көпчүлүгү онлайн системасында толтурулат):

• Анкета; • Арыз; • Резюме; • Паспорттун көчүрмөсү; • Орто билими тууралуу аттестаттын көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (бакалавриат программасы үчүн); • Жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү же окуудагы жетишкендиктери тууралуу маалымкат (магистратура программасы үчүн) • Медициналык маалымкат; • ВИЧ СПИД жоктугу тууралуу маалымкат; • Резюме; • Шыктандыруу кат; • Англис тилин билүү деңгээли жөнүндө тастыктама (TOEFL, IELTS). • Үй-бүлөнүн курамы жөнүндөгү маалымкат. • Тастыктамалар, дипломдор, ардак грамоталар, макалалар жана илимий басылмалар (магистратура жана докторантура программаларынын талапкерлери үчүн) жана талапкерлердин жетишкендиктери жөнүндөгү документтер.

 

ЭКИНЧИ ЖОЛ – ӨЗ АЛДЫҢЧА АРАКЕТ КЫЛ

ЧЕТ МАМЛЕКЕТТЕН БИЛИМ АЛУУ: ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ҮЧ ЖОЛУ

Чет мамлекеттерден билим алууну каалагандар өз алдынча интернет булактары аркылуу окууга тапшырса болот. Ал үчүн алгач интернеттен билим алууну каалаган мамлекетинин билим берүү системасы боюнча маалыматтарды таап, тапшыруунун жол-жоболорун окуп чыгып, өтүнмө таштап, экзамен бериши керек. Европадан билим алып жаткандар коркпой эле окуунун акы төлөп окуучу формасына деле тапшыра берсе болорун айтышат. Себеби ал жактан убакытты туура пайдаланып, иштеп акча таап, бир эле учурда билим алса да болот. – Мисалы, Венгрияга окууга тапшырууну каалагандар стипендиялык программаны эле карап отурбастан өз алдынча интернет аркылуу өтүнмө таштап, экзамен берип, өтүп кетсе болот. Баргандан кийин жумасына эки, үч күн иштеп койсо тапкан акчасы контрагын, жатаканасын төлөгөнгө, ичкен-жегенине кенен жетет, — дейт Венгрияда докторантурада окуп жаткан Аскар Мамбеталиев.

 

ҮЧҮНЧҮ ЖОЛ – ТИЛ ҮЙРӨТҮҮЧҮ КУРСТАР,

ПРОГРАММАЛАР ЖАНА АГЕНТТИКТЕР

Чет мамлекеттерден жогорку билим алууну же магистратураны, докторантураны ошол жактан улантууну каалагандар атайын агенттиктер, программалар жана тил үйрөтүүчү курстар аркылуу кетсе болот. Мисалы, И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин быйыл аяктап жаткан Жусупбекова Нурпери төрт жылдан бери кытай тилин кошумча үйрөнүп жаткан “Перспектив” курсу аркылуу Кытайдын Нанкин шаарындагы Нанкин технологиялык университетине магистратурага бюджетке тапшырып жатат. Буюрса, чакыруу келип калса сентябрь айында Кытайга жөнөп кетет. Ага «Перспектив» курсундагы мугалимдери жардам берген. Алгач тил билүү деңгээлин текшерүүчү сынактардан өтүп, анан тандап алган окуу жайына документтерин жөнөткөн. Нурпери буга чейин дагы окуган университети аркылуу он күндүк лагерге Кытайга барып келген. Ал эми 13-февралда Польшага учуп кеткен Мантаева Бермет ASA consalting group агенттиги аркылуу Варшавадагы Вистула университетине эл аралык мамилелер адистиги боюнча магистратурага тапшырган. Өзү Ала-Тоо эл аралык университетин аяктаган. Бермет ал жакта бир жылга эки миң доллар төлөп окуйт.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ЭСКЕРТЕТ

Министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмү өз алдынча жана курстар, агенттиктер, программалар аркылуу чет мамлекетке окууга кетип жаткандарды сак болууга чакырат. Себеби мындай жол менен кеткендердин көпчүлүгү алданып калышы ыктымал.

 

КУЛАГЫҢА КҮМҮШ СЫРГА

19-февралда Бишкек шаарындагы “Парк Отелде” “Эл аралык билим берүү” жарманкеси өтөт. Анда Венгрия, Германия, Казакстан, Канада, Латвия, БАЭ, Россия, Түркия сыяктуу 35тен ашуун чет мамлекеттин жогорку окуу жайлары өздөрүнүн программаларын сунуштайт. Ушул жактан дагы чет мамлекеттердин жождоруна тапшыруу боюнча тийиштүү маалыматтарды алса болот.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер