ЧЕК АРАДАГЫ МУГАЛИМ: БИЗ ЭЧ ЖАККА КЕТПЕЙБИЗ!

  • 19.09.2022
  • 0

 (МУГАЛИМДИН ОЙ ТОЛГООСУ)

Күз айы. Түн. Мемиреп гана көздүн жоосун алган жаратылыш ойгоо.  Анын чексиз кооздугу, адам көз жоосун алган шылдырап аккан дайра уктабайт. Айыл ичи тыптынч. Бетиңден жагымдуу сыдырым жел сылайт. Ар бир үйдүн кечки шам чырактары жанып, ого бетер айылды көрккө бөлөп турат. Бул түнкү тынчтыкта тирүү жандын баары уйкуда. Ар бирөөсү ар кыл таттуу түш түшкөрүп, керемет ааламында жатат. Албетте, тынчтык түн аягына чыгып, күн уясынан баш бакты.  Күн нуру алгач тоолорго өз нурун чачып, андан соң бирин-серин айылдарды аралайт. Бул убакта таң эрте турган айыл эли өз иштери менен алек. Бири чөп оруп, экинчиси дагы бир жумуш жасап, үчүнчүсү сумкасын көтөрүп мектепке жөнөйт. Эх, мугалимдин иши кандай соонун! Албетте, мугалимдик ишти сүйгөн жанга, бул кесип абдан чоң кесип.  «Мугалим -ардактуу кесип»,- деп ошондон  айтылса керек. Мен өз ишим менен сыймыктанам.

Коңгуроо кагылып сабак башталды. Бул айда жаңы гана мектеп ачылып, окуучулардын көзүндө мектепке болгон кусалык, досторуна болгон кусалык, мугалимине болгон мээрим билинип турат.  Андагы балдардын формасы тим эле көздү суктантып, окшош болгон ак кофта, ак бантиктер сырттагы адамдын ойюн бурбай коё албайт. Бул балалык аё сезим менен, дилгирлик менен, билим алууга шашылган балдарды көрүп, көзүмө жылмаю менен биргеликте, өзүмдүн да балалыгым кашыкта таттуу бал чубалгандай, көз ирмемге бир тартылып кайра кетет. Аларды көрүп суктанам. Анткени жашообуздун эң бир таттуу өзөгү -бул ар бир инсандын балалыгы эмеспи.

Бул учур да мугалим сабак өтүп жаткан, чак түш жакындап, акыркы сабактардын бири эле. Кокусунан, адаттагыдай тарс эткен коркунучтуу октун, пулемёттун үнү угулду. Жайбаракат, эч нерседен бейкапар гана сабактарын окуп жатышкан ар бир окуучунун тынчын алган бул үн баарынын бир заматта  үрөйүн учуруп койду.  Ооба, бул бир гана чоң кишилердин эмес, кичинекей балдардын да баёо балалыгын, тынчтыгын алган жана бүтүн айыл элинин жүрөк үшүн алган коркунуч эле. Мугалим команда берип, ар бир классты тынчтандырып, үйгө барууларын дайындап жатты. Алар да биринин артынан бири ата-энесине шашышты. Сырттагы бул үн чынында, элдин тынчын алды. Балдардын жүрөгүн алды.   Чынында, муну көрүп туруп карегиме жаш толот. Адатка айланган бул тарс эткен үндөр кимди гана коркутпасын. Бирок, бул коркууларга, тарс эткен үнгө карабай, бул айылдын тургундары эч жака кетишпейт. Мугалимдери да, ушул айылдын келечеги үчүн дилгирлик менен мектепке барышып, ар бир сабагын чоң үмүт менен өтүшөт. Бул нерсе кичинекей балдардын да эң бир таза балалыгын уурдады. Уурдамак түгүл уйкуларын алды . Бул не деген шумдук! Бул не деген эрдик!

Көөдөнгө толгон кайгы, көздөргө толгон жаш, жүрөктө калган ый, көздө калган коркунуч…. Кичинекей, али турмуштун ачуу-татуусун көрө элек, тили бал наристелерибиздин күлкүсүн алды. Аларды көрүп көзүм ыйлайт, бирок жан дүйнөмдөгү мекенге, айылга болгон патриоттук сезимим башка жакка кетүүгө кыйбайт. Дүрсүлдөп согуп турган жүрөгүм, кол үзүп, чек арадагы окуучуларга сабак берүүдөн баш тартууну каалабайт. Анткени, мен ишенем, күн кантип батып жатса, эртеси   ошол күн башкача нурлары менен баш багат. Анын Асан-Үсөндөрү болот. Ал Асан-Үсөндөрдү көргөн балдар жылмайышат. Айылга да тынчтык орнойт. Ошондо мотурайган балдардын жылмаюсун көргөн менин көзүм да кубанат.  Коркунучта бодурайган балдардын шаңдуу жүзүн көрүп мен да күч алам.

ЧЕК АРАДАГЫ МУГАЛИМ: БИЗ ЭЧ ЖАККА КЕТПЕЙБИЗ!

Каарандай болуп өткөн бул күн, бул түн баарынын коркунуч менен ыйлаган ыйы менен өттү.  Бул түндө бир да жан уктаган жок . Мына! Мына, биз күткөн келди!  Биз аны кучак жая тосуп алдык. Таңдын нуру бир күн биздин айылга тиет. Ал нур менен биз тынчтыкта өкүм сүрөбүз. Ошондо келечекти эң бир соонун тилектер менен, кенен жүрөктөрүбүз менен күтөбүз жана тозуп алабыз. Мен бул нерсеге ишенем!

Жарыктык, көздөрүнөн  мөлт-мөлт жаш тамган балдар таң атканда, кайрадан кубануу менен папкелерин асынышып мектепке шашат. Жок, алар  мектепке эмес, билимге шашат.  Келечекке умтулушат. Мына ошол келечектер гана бул айылга кут алып келет. Кайрадан коңгуроо үнү кагылып, кайрадан тынчтык болот. Кайрадан кызыктуу сабактар.  Мен  бул партада олтурган балдардын көздөрүнөн эмнени көрөм: Бир каректерине баш баксам, корккон, жаш толгон, өз балалыктарын уйкусуз түндөргө алмаштырган сезимди  көрөм. А экинчи каректерине үңүлө карасам, анда деген кубанган, келечекке умтулган, Мекен деп жүрөгү соккон, ажайып ааламда, өздөрүнүн кең дүйнөсүндө өз максаттары менен жашап келаткан келечекти көрөм. Бул эмне деген эрдик, бул эмне деген сыймык!  Мен да ушул балдар сымал кең жүрөгүм менен эч тайбастан, келечектин алтындай муундарына сабак өтө берем. Алдардын каректеринде жашынган, келечекке талпынган, билимге умтулган жаштарды тарбиялай берем. Биз алардан, алар бизден чыныгы патриоттуулук эмне экенин үйрөнүп жашай беребиз! Келечекти келечекке улай беребиз. Ар бир жакшылыктын жышааны менен, мугалим жакшыны жамандан адаштырып, муунду муунга улай берет. Окуучулардын жүрөгүндөгү кичинекей патриоттуулук сезимди, мугалим чоңойтуп, патриоттуулукту дале болсо бапестеп бага берет. Кайгыга жол текеберликтен башталса, ааламга жол айылдан башталат.

 

 Бар болгула

Асман туман, булут дале көрүнбөйт,
Анан кантип жан дүйнөбүз өрттөнбөйт,
Мекен үчүн жашап келип ар дайым,
Анан кантип жүрөгүбүз өйкөлбөйт.

Мекен үчүн курал кармап колуна,
Мекен үчүн жанын берген жоокерлер,
Ыракмат айтам бир силерге баатырлар
Чек араны коргоп келген баарыңар.

Шамал сокпойт, ал да турат калыпта,
Согуш болбо, кайт аркаңа дегенсип.
Дарактарда иймелет го бир тапта,
Табигатта жаман көрдү  бул күндү.

Көл да толкун урбайт баштагыдай,
Куштар да учуп барат кайтпагыдай,
Бул эмне заман деген болду экен,
Тынчтыгым кайра кайтып келсе экен!

Бар бол Ата — Журтум, кыргыз элим,
Душманга жеңилбеген баатырың бар,
Кумсарба, баатырлар бар сен үчүн,
Күнү-түн уктабастан тик турган.

Башты көтөр, бийик болгун кыргызым,
Мекен деген жүрөгүңөр бар үчүн.
Элин-жерин коргоп турган жоокерлер,
Сарптап келет баатырларың бар күчүн.

Гүлзада Ураймжанова,

Баткен району, Муса Кадыр орто мектеби

Бөлүшүү

Комментарийлер