ҮЧ ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

  • 22.12.2022
  • 0

Депутат Миргүл Темирбаева 22-декабрдагы парламенттин жыйынында Кыргызстанга үч тилдүү билим берүү системасын киргизүүнү сунуштады.

ҮЧ ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

Депутат кыргыз, орус жана англис тилинде окутууну замандын талабы деп эсептейт. Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, англис тилин жогорку окуу жайларга да киргизүү өзгөчө техникалык окуу жайлар үчүн маанилүү экенин айтып өттү.

  • Англис тили — илим-билим, технологиянын тили. Бирок реформа үчүн каражат талап кылынат. Биз азыр баштай берсек эл аралык коомчулук да кол кабыш кылат. Ага өтүү үчүн көп убакыт талап кылынгандыгына карабастан кадамды бүгүн, ушул жерден баштообуз керек.  Эл аралык коомчулуктан келген акча каражатын туура иштетип, билим берүү тармагында реформаларды жасоо мезгили келип жетти. Анын максаты- кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөөнү калыптандыруу болуп саналат. Англис тили — дүйнөлүк экономикага ийгиликтүү интеграциялоо  тили, — дейт депутат.

                                                                                                                        Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер