ҮЧ АЙДЫН ИЧИНДЕ 4 МИҢ БӨБӨК БАКЧАГА БАРУУГА ТИЙИШ

  • 27.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде КР Президентинин Администрациясынын “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагындагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топ мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн ишкер аялдарды окутуу модулдарын, тренерлердин мобилдүү топторун даярдоо, өз компетенциясынын чегинде жалпы окутуунун жана башка иш-чаралардын бардык мезгилинде логистикасын аныктоо боюнча министрликтин кароосуна жана бекитүүсүнө өз сунуштарын киргизмекчи.

Маалыматка ылайык, жакынкы үч айда Бишкек шаарынын эки районунда төрт миң баланы бала бакчаларга орноштуруу жана жеке ишкерлик менен алектенген 250 айымды даярдоо багытында иштер башталышы күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер