Ч. АЙТМАТОВДУН КӨРКӨМ ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ АТА МЕНЕН БАЛАНЫН ОРДУ

  • 03.12.2018
  • 0

Акматали Алимбеков,

Кыргыз-түрк «Манас» университетинин

педагогика кафедрасынын башчысы

педагогика илимдеринин доктору, профессор

Картинки по запросу акматали алимбеков

Айтматов балдар жазуучусу эмес, бирок балдардын табиятын таануу, алардын инсан катары калыптанышы тике жана кыйыр түрдө баардык чыгармаларында  ар тараптуу иликтенет.

 

Адамдык насилди балага жасалган мамиле аныктайт

 

Түрк дүйнөсүнѳ таандык бала затына карата гумандуу мамиле өзөктүү түшүнүк катары анын бардык чыгармаларында кызыл сызык менен белгиленип өтөт. Айтматовдун чыгармаларында кыргыздардын бала затына карата салттык маданиятынын көп катмарлуу маанисин көмүскөдө каткан төмөнкүдөй сөздөр көп кездешет: Балаңан убайым тартпа. Көзүм барда эч кимге бербейм. Кудай колдосо, тирүү жан өз жолун таап кетет (Момун); «Кудай ай, эч болбосо ушул балдардын атасынан амандык кабар келсечи!» (Сейде); Эдигей Атам алтын мекрени кармап көрсүн деп, карындагы балам каалап жатпайбы. Ал эмнеге алтын мекрени гана каалап калганын ким билсин. Апасы да ошону каалаптыр, мен атасы болсом, экөөнүн каалоосун аткарбасам аталыгым кайсы?» (Эдигей). Айтматов даанышман ойчул жана сүрѳткер катары адамзаттын жашоо турмуштагы трагедиясын да, оптимистик маанайын да балдардын абалы менен бир түйүнгө бириктирип карайт.

Чоң адабияттагы алгачкы дебюту болгон “Бетме-бет” повестинде эле дезертир Ысмайылдын инсандык кыйроосунун жеткен чеги Тотойдун топ жетим балдарынын жападан жалгыз ырыс кешигине кол салып уюн уурдап, союп алышы менен көрсөтүлөт. Демек, Сейдени акыйкатты таанууга мажбурлаган эки жагдай балдарга байланышкан. Биринчиси Тотойдун атасы согушта өлгөнүн биле элек наристе баласы Асантайдын оор үшкүрүгү. Экинчиси – жарык дүйнѳгѳ келгенин аӊдай элек эмчектеги баласынын келечек тагдыры. Ысмайыл ашкан абийирсиз кылык жоругу баланы жууса кетпес наалатка кептеп азаптарга кабылтмак. Сейде болсо акыйкатты таанунун теӊдешсиз күчүн дал ушул балдардын тагдырына карата кайгыруу, түйшөлүүдөн тапты. Акыры ал Ысмайылдын жаткан жерине өзү жол баштап барат. “Баласын колуна көтөргөн бойдон Сейде туура Ысмайылды көздөй кетип бара жатыптыр. Ал эчтекеден сестенбегендей бет алдын түз тиктейт. Бул учурда анын таштан чапкандай бир калыпта мостойгон кара тору жүзүндө кандайдыр бир ичтеги зор күч, өкүмдүү адилеттик сезилип жатты.”

Картинки по запросу белое облако чингисхана рисунки

Бала затына карата мамиле бардык нерсенин чеги экендиги “Кылым карытар бир күн” романына тиркеме катары жазылган “Чынгызхандын ак булуту” повестинде да түйүндүү маселе катары ортого чыгат. Чыгармада ѳкүмдар табияттын улуу мыйзамына каршы: “Жүрүш мезгилинде эч ким төрөбөсүн!”, — деген мыйзам чыгарат. Дал ушул жоругу үчүн Чынгызхан Көк Теӊирдин каарына калат.

 

Жашоонун маани-маӊызы балада

 

Картинки по запросу белый пароход рисунки

Бала – үй-бүлөнүн тиреги, туткасы, ата-энелердин гана эмес, бүтүндөй журттун кайра жаралуусунун, өлбөстүгүнүн шарты. Кыргыз элинде тукумсуздук, баласыз өтүү – орду толгус оор трагедия. Бул элдик салттуу көз карашка ылайык «Ак кемедеги» Орозкул, Бекей жана Момундун кемпири баласы жоктугунан өздөрүн башкалардан кем санайт, жашап жаткан өмүрүнүн маңызын эч нерседен көрө албай азаптуу тагдырга тушугушат. Айтматов алардын ар биринин психологиялык абалын өтө чебер сүрөттөйт. Повестте Орозкулдун өмүрүнүн «текке кеткенине» жаны кейиген абалы төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Ысыктан башы ооруган го», — деп ойлоду бала. Орозкул ыйын токтото албай ошентип жатканын бала билген жок. Орозкул болсо алигинтип алдынан өз уулу чуркап чыкпаганына, китеп кабына сүйүнүп жүргөн бу балага кишиче эки ооз жылуу сөз таап айта албаганына ыйлап отурган».

Чынында эле адам баласынын бул дүйнөгө калтырар изи да бала, өмүрүн улаар амалы да бала. Айтматовдун чыгармаларында ушул акыйкат өзөктүү жана өрнөктүү турмуштук философиялык сабак катары аӊдатылат. Буга байланыштуу «Деӊиз бойлоп жорткон Ала дөбөт» повестиндеги ата-бала сезимин аӊдаткан психологиялык кырдаалдар өзгөчө таасирлүү. «Өткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү. Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулуңда калыш үчүн, уулуңда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. Өзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура. Бул улуу чындыкты буга чейин ойлобогон болсо, а дагы күндөлүк тиричиликтин алаксытканы.

«Чынгызхандык ак булут» повестинде өкүмгө каршы иш жасап балалуу болгондугу үчүн жарык дүйнө менен коштошоору күмөнсүз Жүз башы Эрдене менен жаӊы эле жарык дүйнөгө эле келген наристесинин жүз көрүшү да өзгөчө татаал психологиялык кырдаал катары сыпатталат. Эрдене жок дегенде наристесинен өзүнүн насили кайра жаралганына канимет кылгандай. «Бешикке үӊүлүп, алакандай жүзүнөн али эч нерсенин белгиси билинбеген наристеден өзүнө окшош жышаан издеп, кадала тиктеди. Так ушул азыр дем какпай Баланы тиктеп туруп, ал теӊи Адам тукумун түбөлүк уланып кете берсин үчүн жаратарын, мунун өзүндө табияттын өзгөчө мани маӊызы жатканын биринчи жолу аӊдап сезгендей болот».

“Саманчынын жолу” повестинде Толгонай башка кандан төрөлгөн болсо да Жанболотко мээрин төгүп, медер тутуп оор трагедиялардан кийин бар болуунун, жашоонун маӊызын ошо бейкүнөө баланын тагдырынан айрып карай албайт. Ооруп калганда “Балам, ушунумду аман сактап кал. Бул өлсө, мени тирүүлөй көмгүлө. Жашабайм”, — деп жалбарат. “Апа, уулуӊ жакшы болуп калды. Бошобо, моюн бербе! — деген сөздү укканда, өзүнүн ооруган жери басылып: “Андай болсо, өлбөйм!– өлбөй тирүү калганым ушул болду дейм”.

Жазуучунун “Уулум менен коштошуу” аттуу аӊгемесинде ата-эне баласынан ажыраса да аны рухунда жашатуу мотиви күчтүү илеп ийге келтириле баяндалат. Чордон карыя согушта шейит болгон баласынын бир кезде мугалим болуп иштеген жерине барып, баскан изинен, дем алган абасынан айланып : “Бул жерлерге, бул тоолорго, сен дем алган бул абага, сен ичкен сууларга салам бергим келет”, — дейт. “Баласы анын сөздөрүндө тирилип, башкалардын аӊ сезиминде жашап жатты” Мындай мотив тарыхтын түпсүз мезгилдеринен бери бала затын культ катары аздектеген түрк элдеринин түптүү өкүлү кыргыз сыяктуу элдерде кыргыз жазуучусунун чыгармасында гана жолугаары мыйзам ченемдүү. Айтматов бала туралуу гуманисттик ойлорун өзү да төмөнкүдөй жалпылагансыйт: Ата-эне кургур баланы көп жашайт өмүрү узун болот, ченемсиз узун болот , чеги көрүнбөгөн узун өмүрлүү бала туулат деген үмүт менен күтөт да. Болбосо бала жаратып адамдар азабын тартып эмне?

 

Балдардын инсан катары калыптанышы

 

Айтматовдун чыгармаларында нарктуу адам, нарктуу үй-бүлө түшүнүгүнүн маани-маңызы балдарды тарбиялоо ишинин натыйжалары менен бааланып, өлчөнөт. Бул тууралуу ал минтип жазат: «… адамдын башкаларга кылаар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн Адам болоор балдарды тарбиялап өстүрүү экен. Аны да бирөөнүн жардамы менен эмес, өзү күн сайын, саат сайын бүт дилин берип, колунан келишинче балдар кашында көп болсо, ошончолук ийги. …»

Айтматов балалыкты адамдын пейилинин мүнөзүнүн калыптанышын эң чечүүчү башаты катары көркөм чыгарманын тили менен иликтеп талдап педагогикалык коомчулук үчүн олуттуу таанымдык табылгаларды жараткан. Учурда анын “Адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт» деген аныктамасы көптөгөн илимий эмгектерде абройлуу аргумент катары колдонулуп жүрөт.

«Атадан калган туяк» аңгемесиндеги педагогикалык акт да наристенин сезиминдеги эч ким майтара албас тунук оптимизми жөнүндө кабар берет. Эс акылы тороло элек Авалбек балалык жорук – жосуну менен айылдаштарын согуштан алган жараттарын дагы бир ирет козгоп эсин оодарып мүңкүрөтүп ыйлатып кино залында бѳтѳнчѳ социалдык -педагогикалык кырдаал жаратат. Авалбек балалык нукура таза кыялы менен кинодогу кѳптѳгѳн жоокерлердин ичинен топ жарып ѳмүрүн тобокелге салып душмандын мизин кайтарууга жалтанбай тике күрѳшкѳ баштаган баатырдын баатырын менин атам деп таанып өзүнѳ ыйгарып алат. Мунун ѳзүн тек жерден баланын кыялынан жарала калуучу кубулуш катары кароого болбойт. Түпкүлүгүндѳ бул күнүмдүк турмуш агымы менен баланын сезим туюмуна сиӊирилген салттык тарбиянын жемиши. Анткени кыргыздардын салттык педагогикасында атанын жашоо образы, кишилик насили балдардын басчу жолун, барар багытын аныктоочу эӊ таасирдүү өрнөк катары каралат. Улуулар Авалбекке да ѳзү кѳрбѳй калган атасына кыргыз жоокерине таандык эң асыл сапаттарды ыроолоп анын адам катары жетилиш процессинин чийин чектерин чийип келишкен. Бул элдик педагогиканын кылымдар бою укумдан тукумга уланып келген мыйзамы. Тигил же бул баланын нарктуу же наадандык жоругуна күбө болгондор: «Бул кимдин баласы болду экен?» – деп ата тегин сурашкан. «Атаңа ыракмат!» же «Атаңа наалат!» – деп балага болгон ыраазычылык менен нараазычылыкты да атасына багышташкан.

Ушул салттык тажрыйбаны бекемдеген сымал кино учурунда апасы Жээнгүл: “— Тигиногу сенин атаң, — деп койду ал бир убакыт­та, баланын кулагына шыбырап. Эне жүрөгү балага атасы жөнүндө оозеки айтып жүргөндөрүн көзү менен даана элестетип бекемдеп алсын деген тилекте болгондур”.

Бирок, баланын кыялый дүйнөсү окуяны өз алдынча калчап, өөрчүтүп өнүктүрүү потенциялына ээ. Ушундан баштап жанагы замбирекчи Авалбектин атасы болду. Ушундан баштап кино анын атасы жөнүндөгү киного айланды». Жоокер атасы менен кайсы уул мактанбасын. «Мына менин атам!”— деп көңүлүндө мактана кетти. Мына, ата деген ушул! Атасы жок жалгыз деп кордогон балдар эми көрүп алсын! Эми алар тийип гана көрсүн! Ушунда отурган чабандар да билсин, көрсүн.”

Бала эл алдында атасынын баатырдык салтын өмүр бою жүрөгүнө сактап, кыйын кысталыш турмушта үлгү тутуп ѳтѳѳрүн көӊүлүнө уютуп, бекемдеп, тастыктап койду. Бул анын ата жолуна түшкѳндүгүнүн алгачкы кадамы эле.

Жамийла” повестин окуп жатып Айтматовдун балдарга карата ишеним оптимисттик мамилени башынан эле салт кылып алганына эрксизден ынанууга болот. Чебер жазуучу бардык окуяларды баалоону өспүрүм бала Сейитке тапшырат. Баланын баёо-калыс таза сезими адам тагдырларындагы акыйкаттын жеңишине көмөктөш болот. Буга Сейиттин: «Бирок адамдык чоӊ чындыкка мен кыянаттык кылган жокмун, турмуштун чоӊ чындыгына мен акырына чейин адилеттүү болгом. Менин ушу ак ниетимди эч ким түшүнѳ алган эмес», — деген тыянагы күбө.

Ал эми «Ак кемедеги» бала Адам наркын жоготкон, ыйык жашоо салтын бузган, касиеттүү эне сүтүн унуткан кесирдүү, кербездүүлѳргѳ каршы ѳз билишинче акаарат күрѳшүн жүргүздү. Эч киргилтсиз кѳгүлтүр ѳмүр суусунда ак чабак сыяктуу небактан кѳксѳгѳн Ак кемеге сүзүп кетмекчи болгон наристелик кыялы менен бала дагеле адам абийирин ар кандай каралыктан арылтып койду. Ошондуктан Баланын ѳмүрү канчалык оор, трагедиялуу болбосун, адамдагы аксымдыктан адамгерчиликтин улуулугун жар салат.

Картинки по запросу ранние журавли рисунки

Айтматовдун балдар тарбиясын терең иликтеген чыгармаларынын ичинен «Эрте келген турналар» повестин өзүнчө бөлүп кароого болот. Повестте Султамурат сыяктуу ѳспүрүмдѳрдүн элдик салттык баалуулуктардын баркын түшүнүү менен гана чектелбестен кадыресе аткарууга тикеден тике катышып социалдашуу мектебинен ѳтүшүнѳ Чекиш чал сыяктуу ар бир айылда кезиге калуучу даанышман карыялар активдүү педагогикалык позициясын кѳрсѳтѳ алышат. Ал балдарга ат таптоо өнөрүнүн сырларын үйрөтүп, жакын адамынын башына түшкөн кыйынчылыкты тең бөлүшүүнүн ата-бабалык улуу салтын, ырасмисин жеткирди. Анатайдын атасы окко учкандыгын балдарга айтып: «Бирөөңөрдүн башыңарга мүшкүл түшкөндө башкаңар тикеңерден тик туруп, караан-жөлөк болуп, кайрат бергениңер оң. Жаш эмессиңер. Баргыла, батага келген элдин атын алып дегендей, силер да ошерде болгула. Анан Анатайдын жанына туруп алып, сай-сыздатып бышактай бербей, ыйласаңар жакшылап өкүргүлө. Анатайдын досу экениңерди эл билсин…» деп, Чекиш чал аларды өзү ээрчитип, өкүргөнгө алып барды.

Чыгармада автор өспүрүмдөрдүн жетилүү, социалдашуу процессиндеги ар бир позитивдүү өнүгүштү даанышмандык парасат менен баамдап чебер мүнөздөп берет. Баштапкы эпизоддордо башка курбалдаштарындай эле, Султанмураттын баладай эркелегиси келет. Балдардын эрте жетилиши объективдүү кырдаал, б.а. согушка аттанып кетип аталдын оор милдетин аркалап калышы менен шартталат. Ырасында эле согуш жылдары – баланын ѳнүгүш табиятына шайкеш келе бербеген таптакыр бѳтѳн социалдык-педагогикалык мейкиндик. Балдар өз киндигин кесишти. Султанмурат апасынын түйшүгүн кантип жеңилдетсе болот деп олуттуу ойлонот. Атасы аман келсе, аны Ажымураттан талашып чыр чыгарбай: «Мейли, атам аман эле келсе, Ажымураттыкы эле болсунчу» — деп жан дүйнөсүндө балалык ырахат кубанычын инисине ыроолоп балалыгы менен аӊ сезимдүү түрдѳ коштошот.

Эжейи Инкамал апайдын уулуна тынчсыздануусун да көз жаздымда калтырбайт, амалы жетсе арка жөлөк болууга даяр. Султанмурат курбалдашы Анатай атасынан ажырап турганда, анын азасын теӊ бөлүшүп жатып, жүрөгүнүн толтосуна катып жүргөн Мырзагүлдүн белек жүзарчысын Анатайга сунуш кылып руханий эрдикке тете иш жасайт. Султанмурат жана курбалдаштарынын Ак-Сайга барып эгин айдап, ѳздѳрүн ѳздѳрү тарбиялады. Анткени «Адамдын инсан катары калыптануу ыкласы өзүндө катылган. Ал ошол адамдын ичинде ушул көз ирмемде жашайт.» (Абрахам Маслоу) «Тарбия — бул түпкүлүгүндө өзүн-өзү тарбиялоо” (Выготский).

Жалпылап айтканда Айтматовдун чыгармалары бала затынын табияты жана аларды тарбиялоонун мыйзам ченемдүүлүктөрүн кеӊири социалдык планда таасирдүү таанытуучу булак катары кабылдоого толук негиз бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер