«CAREER FAİR 2020» ОНЛАЙН ЖАРМАНКЕСИ ӨТҮП ЖАТАТ
- 10.06.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Жогорку технологиялар паркы жана өнөктөштөр менен биргеликте “EdTech” иш-чараларынын алкагында «Career Fair — 2020» онлайн жарманкесин өткөрүп жатат.
«Career Fair — 2020» — студент жана бүтүрүүчүлөр үчүн аянтча. Мында бүтүрүүчүлөр жумуш берүүчүлөр менен жолугушуп, ар тараптуу сүйлөшүп, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат. Стажировкага жазылып, Кыргызстандагы эң мыкты IT компанияларда карьерасын улантуу боюнча да маалымат алса болот.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, онлайн жарменке төрт күн өтөт. Биринчиси бүгүн өтүп жатса, экинчиси 12-июнда, калганы 15-жана 17-июнда өтөт.
12-июнь
17:00 Ulut Soft
17:30 Lights Creative Group
18:00 Mad Devs
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/49FQuza3xnUnwyi26
15-июнь
17:00 IROKEZ Global
17:30 SIROCA Technology
18:00 Finance Soft
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/LewY2cE6byUVNhvAA
17-июнь
17:00 Центр бизнеса и инноваций
17:30 Unique Technologies
18:00 Growave
Катталуу үчүн шилтеме: https://forms.gle/G4Ym1B231JePYTfK8
Комментарийлер