БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН СТИПЕНДИЯСЫ ЖОГОРУЛАЙТ

  • 20.02.2020
  • 0

1-марттан баштап  орто кесиптик жана жогорку окуу жайларында педагогика адистиги боюнча бюджеттик бөлүмдө билим алып жаткан  студенттердин  стипендиясы 100% көбөйөт.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУН СТИПЕНДИЯСЫ ЖОГОРУЛАЙТ

Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын маалыматына таянсак, учурда токтомдун долбоору Өкмөттө каралып жатат, эгерде ал колдоо таап калса 1-марттан баштап студенттерге жогорулатылган стипендия бериле баштайт. Каражат маселеси болсо чечилген.

Буга чейин орто кесиптик окуу жайлардын студенттери 720 сомдон, жогорку окуу жайлардыкы 800 сомдон алып келишкен. Эми коождун студенттери 1440 сомдон, жождун студенттери  1600 сомдон ала башташат.

Бул чечим биринчиден, педагогикалык адистиктин беделин көтөрсө, экинчиден, студенттерди социалдык жактан колдойт.

Бөлүшүү

Комментарийлер