“БИЗ 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ДАЯРБЫЗ!”
- 18.08.2025
- 0
Мындай пикирин Ош жергесинде бүгүн өткөрүлүп жаткан август педагогикалык форумунда Ош шаарындагы №63 О.Курбанбаев атындагы мектептин директору Алия Айтибаева өз сөзүндө билдирди.
Форумда чыгып сүйлөгөн директор санариптештирүү доорунда мамлекетке мектептерди техникалык каражаттар менен камсыздап, келечек муун үчүн зор камкордук жасап жатканына мугалимдердин атынан ыраазычылыгын айтты.
-Бизге берилген ноутбуктардагы маалыматтар, санарип кампа мугалимдерди ийгиликтүү, кызыктуу, натыйжалуу, жеткиликтүү сабак берүүгө жардам берет. Биз 12 жылдык билим берүүгө даярбыз. Анткени Агартуу министрлиги мугалимдердин билимин байма-бай жогорулатып, окутуудан өткөрдү. Бүгүнкү күндө санариптештирүүнү мыкты өздөштүргөн, окуучуну жаш өзгөчөлүгүнө карап жекече мамиле кыла алган жана ар бир окуучуга заманбап усулдар менен сабак берген, аларды шыктандырган, күн сайын окуган мугалим болуп калыптандык. Кечээ жакында өткөрүлгөн “Жаңылыктын жарчысы” форумунда биз билим берүүгө тийешелүү мамлекеттик жаңы стандарттарды, эң негизгиси кайсы класстар кандай окуу китептери менен окууру туурасында да кеңири тааныштык. Жасалма интеллектин сабакта канчалык натыйжалуу болорун да өздөштүрдүк,- дейт мектеп директору А.Айтибаева өз сөзүндө.
(М.Т.)
Комментарийлер