БИШКЕКТЕГИ МЕКТЕП ЖАНА БАКЧАЛАРДА ПАНДУСТАР ОРНОТУЛАТ

  • 19.02.2020
  • 0

Баш калаабыздагы бир топ мектептердин жана бала бакчалардын кире беришинде пандустар орнотулмакчы. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы өзгөчөлүгү бар бөбөктөр жана мектеп окуучулары үчүн ушундай атайын ыңгайлаштырылган пандустарды куруу иштери шаардык билим берүү башкармалыгынын өтүнмөсү боюнча курула баштамакчы.

Маалыматта Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы 21 мектепте жана №1 жатак-мектепте, Ленин районундагы 12 мектепте жана №10 кечки мектепте, Свердлов районундагы 16 мектепте жана эки бала бакчада, жана Октябрь районуна караштуу бала бакчаларда орнотулары кабарланган. Ал үчүн шаардык бюджеттен 4 млн 474 миң 100 сом бөлүнүп берилди.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер