БИШКЕКТЕГИ №33 МЕКТЕПТЕ МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
- 22.05.2026
- 0
21-майда Бишкектеги №33 мектепте жалпы билим берүү мекемелеринин директорлору менен кеңешме өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.А. Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Р.И. Мусаева жана Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Г.А. Алымкулова катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө «Акыркы коңгуроо» иш-чараларын өткөрүү мезгилинде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери каралып, ошондой эле 2025–2026-окуу жылында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарында жүргүзүлгөн көзөмөлдүк-методикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары сунушталды.
Окуу жылы аяктап жаткан мезгилде коомдук тартипти сактоо, коопсуздук чараларын күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, жыйындын катышуучуларына бүтүрүү экзамендерин, ата-энелер жыйындарын жана бүтүрүү аземдерин уюштуруу, ошондой эле мугалимдерге белек сатып алуу үчүн акча чогултууга катуу тыюу салынганы эскертилди.
Ошондой эле жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды иш менен камсыз кылуу жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мектеп жетекчилерине окуу жылын уюшкандыкта аяктоо, окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана колдонуудагы талаптар менен нормаларды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Комментарийлер