БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДА

  • 26.02.2025
  • 0

БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДА26-мартта түштөн кийин  Бишкектеги Hyatt Regency мейманканасында Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фондунун колдоосу менен Билим беруу тармагына биргелешип сереп салуу боюнча жыйында «Алтын Казык» программасын ишке ашырууда негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табуу боюнча практикалык сессиялар өтүп,  адистердин  ой пикирлери, сунуштары талкууга алынды.  Мында  Ала-Тоо эл-аралык университетинин ректору Назира  Эсеналиева модераторлук кылып, катышуучулар бул көйгөйлөрдү чечүүнүн практикалык жолдорун иштеп чыгууга багытталган түзүмдүк талкууларга катышты.

БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДАПрограмманы ишке ашырууда кандай негизги кыйынчылыктар бар? Бул кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кандай жолдорду колдонсо болот? Канткенде биз өлкөнүн деңгээлинде ишке ашыруунун жүрүшүн тездете алабыз? Бул маселелерди чечүү үчүн чечимдерди кабыл алуу үчүн ким жооп бериши керек?  Ушул сыяктуу суроолорго мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, жарандык коом жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү беш тематикалык топко бөлүнөт, алардын ар бири билим берүүнүн белгилүү бир  тармагына багытталган: мектепке чейинки билим берүү, мектептеги билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү, мугалимдерди даярдоо (даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу) жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицейлер, орто кесиптик окуу жайлар жана ЖОЖдор) боюнча ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты.

БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДААр бир талкууда Жогорку Кеңештин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом уюмдарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн камтыган негизги адамдардын топторуна катышуучулар өз сунуштарын билдиришти.

БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА СЕРЕП САЛУУ ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДА«Алтын Казык» программасы билим берүүнүн улуттук жаңы моделге өтүүдөгү бардык деңгээлдерин камтып, анын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, санариптик технологияларды колдонууну, 12 жылдык орто билим берүүгө өтүүнү, ошондой эле окуу программаларын жана окуу китептерин дүйнөлүк билим берүү стандарттарына ылайык жаңылоону көздөйт. Андан тышкары, билим алууга тең мүмкүнчүлүк түзүүгө, айрыкча алыскы айыл-жергесинде жашаган балдар үчүн шарттарды жакшыртууга, ошондой эле мугалимдерди даярдоого жана инновациялык окутуу ыкмаларын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйындын алкагында катышуучулар «Алтын Казык» программасынын алкагында жетишкен жыйынтыктарын талкуулап, Кыргызстанда билим берүүнүн мындан аркы өнүгүүсүндөгү кийинки кадамдарды пландоого шарт түзүлмөкчү.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер