БИШКЕКТЕ БАЛА БАКЧА ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
- 13.04.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №8 жалпы билим берүү мектебинин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн кеңешме уюштурулду. Иш-чара борбор калаадагы бала бакчалардын ишин жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик талаптардын аткарылышын талдоого арналды.

Кеңешменин негизги темасы Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик стандартынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүү жана көзөмөл иштеринин жыйынтыктарын кароо, ошондой эле жетекчилерге методикалык жардам көрсөтүү маселеси болду.
Жыйындын жүрүшүндө өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары сунушталып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын учурдагы абалы талкууланды. Анда мамлекеттик стандарттын талаптарынын аткарылыш деңгээли, аныкталган көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.
Мындан тышкары, билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу, балдар үчүн өнүктүрүүчү жана коопсуз чөйрө түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле мектепке чейинки уюмдардын ишинде нормативдик талаптарды так сактоо, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин көтөрүү жана өз убагында методикалык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгында жетекчилерге бала бакчалардын ишин өркүндөтүүгө, башкаруу системасын жакшыртууга жана билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган тиешелүү сунуштар берилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти мындан ары да борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көзөмөлдөө, координациялоо жана методикалык жактан колдоо боюнча системалуу иштерди улантарын билдирди.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”






Комментарийлер