БИШКЕКТЕ 10 МИҢДЕН АШЫК МУГАЛИМ ЭМГЕКТЕНЕТ

  • 01.09.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы 119 мектепте 10 миңден ашык мугалим иштейт.

БИШКЕКТЕ 10 МИҢДЕН АШЫК МУГАЛИМ ЭМГЕКТЕНЕТ

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Мээрим Халиалдаеванын айтымында, быйылкы 2025-2026-окуу жылына 40 миңдин тегерегинде балдар 1-2-класска электрондук каттоодон өтүп, учурда мектеп босогосун атташты.

— Акыркы статистикага токтолсок, акыркы төрт жылдын ичинде борбор калаада тогуз жаңы мектеп, андан сырткары 15 мектепке кошумча имарат салынган. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы өз ишин мыкты аткарып, бизге заңгыраган жакшы имараттар салынып жатат, — деди М.Халиалдаева.

Бишкек шаарына административдик аймактык реоформанын алкагында кошулган мектептерде, жаңы конуштарда окуучулар үчүн бош орундар бар экенин, ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерде бош орундар жок экенин Бишкек шаардык билим берүү департаментинин адиси маалымдады. Ошондой эле Бишкек шаары борбор шаар болгондуктан, өлкөдөгү ички миграцияга байланыштуу калктын саны анын ичинде балдардын да саны көп болуп жатканын ал кошумчалады.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер