БИШКЕК-АСТАНА БИЛИМ САПАРЫ

  • 05.11.2018
  • 0

1-макала

«Жакшы тилек – жарым ырыс»

 Көптөн бери «Астанага барсам, андагы өзгөрүүлөрдү өз көзүм менен көрсөм» деп тилек кылып жүрчү элем, ошол оюмдун ишке ашышына Назарбаев университетинин профессору, таланттуу педагог, сыймыктуу жердешибиз Дүйшөн Шаматов жана кесиптешим Жолдош Турдубаев  себепкер болду.

БИШКЕК-АСТАНА БИЛИМ САПАРЫ

 

Жолдош «Кутбилимге» менден бир топ илгери келгени үчүн, мен аны өзүмө  насаатчы кылып алгам. Кандай макала жазбайын, баарынан мурун Жолдошко жолдойм. Кыскасын айтканда, менин сынчым да, окурманым да Жолдош. Кесиптешимдин  көрөгөчтүгү да бар. «Мунуңуз буйруса, сыйлыкка илинет» десе, айтканындай болот.

Жолдош журналисттик иштен тышкары, котормочулук менен да алектенип жүрөт. Текст менен көп иштегендиктен, компьютер боюнча да алда канча сабаттуу. Анын компьютер жагынан да мага көп пайдасы тийди.

Эми Жолдоштун дагы бир сапатын айтпай койбосом болбос.  Ал ар бир адамды дээрине жараша байкап, өзгөчөлүгүн көрө билет. «Жол очеркин жакшы жазасыз, ушул багытта жаш журналисттер үчүн мектеп ачсаңыз дурус болор эле», — деп калат.

Мактанып кетпейин, болгону журналист катары чет жерде көргөнүмдү акыл элегинен өткөрүп, өзүбөздөгү шартка салыштырып жазып жүрөм. Болгону ошол. Ай ий…«Жолоочунун жолдогусу жакшы» дейт беле?  Жолдон калбайын, калганын кийин жазаармын.

Чегара өтмөгү достуктун көпүрөсү болууга тийиш

Жолдош экөөбүз Астанага акыркы камылгаларды көрүп, 24-октябрь күнү эртең мененки саат 11лерде Аламүдүн базарынан Кордайды көздөй жөнөдүк. Чейрек чакырым жерге такси заматта жетти. Жүктөрүбүздү көтөрүп, темир торлорду бойлой басып, алгач Кыргызстандын чегара өтмөгүнөн, анан тийиштүү кагаздарды толтурган соң, коңшулаш өлкөнүкүнөн өттүк.

А жерде иштегендерди күнөөлөгүм келбейт. Мүмкүн кырдаал ушундай болуп жаткандыр. Бирок кимге болбосун, «Сызыктан өтпө!», «Тез бас!», «Камераны тике кара!», «Чемоданда экстремисттик же диний адабият жокбу?», «Чемоданды бери алып кел, ач!» деген буйруктар катуу тиет деп ойлойм.

Чегара бекети – бул өлкөнүн күзгүсү. Анда жашаган элдин түпкүлүктүү маданиятынын колго салгандай чагылышы. Эмне үчүн өлкө астанасын аттап турган кишини: «Саламатсызбы! Биздин өлкөгө кош келиңиз!» деп тосуп алууга болбосун?  Мындай кылганыбыз, жагдайды жумшартып, кимге болбосун ишеним тартуулайт эмеспи?!

Ушул жерде  мындан бир топ жылдар илгери, жаңылбасам, 1996-жылдын жай айларында болуп өткөн бир окуя эсиме түштү. Анда Борбор Азиянын баардык өлкөсүндө эгемендүүлүк эйфориясы тарай элек кез. Коңшулаш өлкөлөрдүн президенттери Ташкент шаарына чогулуп, түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге кол койгон. Келишимдин сыясы кургай электе, Бишкектен  Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан аркылуу автобус каттамы ачылган болчу.

Ошол автобустун экинчи, угушума караганда акыркы жолку каттамына илешип, келинчегим, бир жашар уулум болуп Ошко жөнөгөнбүз. Шашылышта өздүк документтерди албаппыз. Бир жагы «түбөлүк достук» дегенге көбүрөөк ишенсек керек. Келинчегимдин колундагы баланы көрүп, айдоочу  алдыңкы орундукка олтургузду.

Кудай жалгап, ушул орун бизди көп жамандыктан сактап калды. Казак, өзбек чегарачылары текшерүүнү автобустун арткы жагынан баштап келип, бизге жетип-жетпей, бир аз сакалы барларды «вахабист», башкаларын «СССРдин паспорту менен жүрүпсүн» деп, дагы башка шылтоолорду айтып, бир топ кишилерди айдап кетип, акчаларын алган соң, кое берип жатышты. Бир жарым күндө жетебиз деген жол, үч күнгө созулду.

Айрыкча граждандык согуш кучагында калган Тажикстанда абал өтө кооптуу болчу. Жол боюндагы ар бир айылдан автоматчан жигиттер чыгып, автобусту тинтүүгө алышат.  Автоматтан коркконубузду айтпа! Тажиктердин Хожентин артка калтырып, Баткенге келгенде «Өх!» дедик. Бирок эрте кубанып жибериппиз. Баткендин өзүндө эле эки-үч жерден анклавдан өтүп, өзбек чегарачыларынын кысмагына кабылдык. Вуадилден акыркы чек ара өтмөгүнөн өткөндө, автобусдагылар ыйлап жиберишти. «Икаруска» толгон элдин баары кучакташып алып ыйлап жатышат. Арасында ирандык соодагер да бар, орусу, кыргызы, өзбеги да бар. Арасында «Кайран СССР!» деп ыйлагандар болбой койбоду.

Чындыгында СССР тушунда абал башкача эле. Кааласак Кара-Суудагы чоң базарга, кааласак Үч-Коргон, Наманган, Анжиян, Фергана, Кокондогу чоң базарларга кетчүбүз. «Кой, ай» деп жол тоскон киши жок. Мен өзүм далай ирет Бишкекке Анжиянга чейин келип, андан Ташкент каттамындагы автобуска олтуруп, Ташкенттен Чимкент, Жамбулга чейин жетип, Жамбулдан Бишкекке келип калчумун. Кайран СССР!..

Жол азабы

«Үйүңдөн бир кадам алыс чыксаң, мусапырсың» дейт элибиз. Кандай  таамай айтылган! Ар качан алыс жолго чыкканда, ушул сөздү эстейм. Кызыгы, Чу шаарчасындагы темир жол вокзалына шыр жеттик. Айдоочубуз Дархан аттуу казах жигит Кордай чегара өтмөгүнөн Чудагы темир жол вокзалына жүргүнчүлөрдү сегиз жылдан бери жеткирип жүрүптүр. Түштөн кийин саат 14.30дарга жетип-жетпей вокзалга келип калдык.

Вокзалда коопсуздук чаралары катуу экен, жүктөрүбүздү текшерүүдөн өткөрүп, күтүү залындагы орундуктардан орун алдык.  Шеригим касса тарапка басты. Бизге электрондук билет алынганын билем. «Билет чөнтөгүмдө, поезд кайда бармак эле?» дегендей беймаралмын. Бир убакта Жолдош билетсиз келип, «Биздики жок экен»,- деди. Паспортторду көрсөтсөк эле, дароо билет бере калат деген ишеничте элек, маанайыбыз сууй түштү.

Адамдардан айланса болот. Айрыкча орто азиялыктар бөтөнчө боорукер келебиз. Жаныбыздагылар жардам бергенге шашып: «Ой, чакырган тараптын телефон номери барбы? Мен чалып, байланышып берейин», «Whatsapp номерин бергиле, сүйлөштүрүп коеюн» деп жатышты. Жолдошто чакырган тараптын телефон номери же Whatsapp номери болсочу! Facebook  аркылуу байланышта болгон экен, алты жылдан бери Астанада соода-сатык кылышкан өзгөндүк жубайлар Мелис менен Турганбү дароо смартфонун чукулап, жардам берүүгө ашыкты.

БИШКЕК-АСТАНА БИЛИМ САПАРЫ

 

Фото: Смартфонун берип, Бишкек менен байланыштырган Мелис, уулу менен.

 

 

 

«Сиздер алып берген электрондук билет компьютерден чыкпай жатат» деп жазып, станцияга жаңыдан келип токтогон «Кызыл-Орда – Кокчатау» багытындагы №56 поездди көздөй бастык. Мында алайлык Абдумиталип жүгүбүздү көтөрүшүп, зор жардам берди.

Төртүнчү вагонду көздөй бастык. Узатуучу : «Силер айткан орундардын экөөндө тең адам бар.  Силердики кечээ күнкү поезд болушу мүмкүн. Тактагыла!» деп жол тоскондо, бейтааныш жерде калып калбайлы деп, чый-пыйыбыз чыкты. Кыргызстандыктар бирөө да поездге жулунбай, бизге караан болуп турушту. Ушуга каниет кылдык.

«Манты алгыла! Жаңы бышкан манты!», «Самса!», «Балык!» дешип сатуучулар кулактын кужурун алат. Алардыкы да туура. Ушул жол канча адамды багып жатат. Дагы багат. Буга чейин да багып келген… 

Узак жолду кантип кыскарттык

 Бактыбыз бар экен, орунубуз такталып, поездге илештик. Боордош инибиз Абдумиталип бизди сегизинчи вагонго чейин коштоп келди.  Бизден өтүп кубанып алган. Анан эмне кылсын! Боордош да! Орундарыбыз төртүнчү вагондо эмес, сегизинчи вагондо болуп чыкты..

Сегизинчи вагондун узатуучусу – мурунку мугалим Кенжебай аке.  Алтымышка чукулдап калса да өзүнө тың, чыйрак. Жумушун да чын дилден берилип аткараарын байкадым. Вагондогу самовар такай кайнап, стакан, чайнектери жалтырайт. Кайда караба мелтиреген тазалык. Шейшеп, төшөнчөлөрү да талаптагыдай. Деги бир кыйкым таба албайсың.

Агартуучулар гезитинде иштээрибизди билип, Кенжебай аке: «Мен жыйырма жылдай мугалим болуп иштегем. Тарыхтан сабак берчүмүн. Сүрөт да тарта койчу өнөрүм бар эле. Бирок канча иштесем  да, айлыгым жетчү эмес. Кийин поездден узатуучулук орун табылып калды. Азыр кудайга шүгүр. Үйдө баары жетиштүү. Узатуучу болуп иштегениме быйыл 23 жыл болот», — деди. Унчуккан жокпуз. Ким болбосун, кайда иштебесин, бирөөнү уурдап, бирөөнү тонобой, өз ак эмгеги менен жашаса болду да!

Кенжебай аке бизди купеге баштап кирип: «Бул орун бирөөңө, экинчиңе башка купеге барууга туура келет.Жетимиштеги апа экинчи кабаттагы орунга чыга албайт. Аны түшүнөсүңөр»,- деп кире бериштеги илмекке улуттук чапанын илип коюп, өзү мемиреп  уктап жаткан апаны көрсөттү. Жолдош апанын бет маңдайындагы орунга жайгашып, мен кошуна купедеги  бул апанын орунуна кеттим.

Кыргыздын ысмын алып жүргөн Тоту апа

БИШКЕК-АСТАНА БИЛИМ САПАРЫ

 

Эртеси чай ичип жатканда, Жолдош өзүнчө кубана түштү. Дайыма бир жаңылык айтаарда ошентет. «Кечээги апа кыргыздар тууралуу жакшы пикир айтты. Сүйлөп  жатып, ыйлап да жиберди. Ата-энеси, отузунчу жылдардагы ачарчылыкта биз тарапка барып жан сактаптыр. Ошондон улам кызына ошондогу боорукер апанын ысмын беришкен  тура. Азыр кыргыз ысмын алып жүргөн Тоту апанын 14 баласы аман-эсен, ар түрдүү кесипти аркалап жүрүптүр», -деди.

Ооба, эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы!  Бирок  Тоту апанын бүгүнкү бактысы кыргыз Тоту апанын берешендиги, адамгерчилиги болбосо куралбайт эле да? Ошону биле жүргөнүбүз оң. Казак бийлиги да Астананын кең көчөлөрүнүн четине ошол 1932-34 жылдардагы ачарчылык курмандыктарын кийинкилер унутпасын деп,  зор эстелик орнотуптур. Ошол эстеликтин жанынан өтүп баратып, мен бала кезде таенемдикинен көргөн чоң-чоң кумгандарды эстедим. Кичинемде ар качандан бир качан буларды кармап көргөндөн тажачу эмесмин. Таенем да «Булар ачарчылыкта Ошко карайлап келген казактардыкы. Тийбе, балам!» дегенден тажачу эмес. Көрсө, өткөн тарыхты жок болбосун, унутулбасын деп коруп жүрүптүр.

Учурда эки элдин кылымдар түпкүрүнөн ширелип бекемделген достугун, бир туугандык ымаласын бузгусу келген урапатриоттор эки элде тең жок эмес. Ушундайлардан сак болушубуз керек. Ата-бабаларыбыз кээде чарпышып кеткени менен, калмак-жунгарларга каршы күрөштө далай жолу бир муштумга бириккенин тана албайбыз. Мухтар Ауэзов болбосо, Чыңгыз Айтматов бүгүнкү бийиктикке чыгат беле, чыкпайт беле? Ким билсин? Чыкса да кечигип чыкмак…Айтматов өзү да белгилүүлүктүн туу чокусуна Мухтар Шахановду ала чыкты. Боордоштук ымала деп ушуну айт! Менимче, жогорудагы инсандардын достугу азыркы жаштар үчүн жашоодогу багыт, тарбия ишиндеги үлгү болууга тийиш.

Тилемчи эмес, түзүүчү студенттер керек

Жаштар демекчи, алардын турмуштагы, жашоодогу көйгөйлөрү көп жагынан окшош.  Менин бет маңдайымда бараткан казак жигит Тараздагы жогорку окуу жайлардын биринде окуурун, тарых менен саясатка кызыгаарын айтты. «Биздин окуу жайда окуу акысы эң эле төмөн. Жылына 250 миң теңге. Биздегидей окуулар Алма-Атада жарым миллион теңге турат. Азыр төртүнчү курстамын. Астанада куруучу болуп иштейм. Айлыгым 150 миң теңге», — деди студент.

БИШКЕК-АСТАНА БИЛИМ САПАРЫ

Сөздөн сөз уланып, факультетин, адистигин сурасам, жооп бере албай калса болобу! Анан мен ага университеттин жетекчисин ректор дейт, ар бир студенттин өзү тандаган адистиги болот деп түшүндүрдүм. « Адистигимди эстедим, мен жанагы мектепте аскердик баштапкы даярдык боюнча мугалимдикте окуйм»,- деп жооп берди ал. «Сен өзүң окубай эле, акчаң окуп жүргөн тура», — дедим күлүп. Ал да күлүп калды.

Университетте иштегенимде экзамен-зачетто пайда болгон студенттер бар болчу. Азыр азайды го деп ойлойм. Анткени элдин баары билимиң болбосо, куру дипломдун пайдасы бир тыйынга арзыбасын  түшүнүп калды. Чет өлкөдө болсо,  студент жаштар окуу менен жумушту айкалыштыраарын угуп жүрөбүз. Бирок контрактка акча төлөп, анан дагы бирөөгө баа койдурганга акча берген студент жок. Мындай кылуу алардын үч уктаса түшүнө да кирбесе керек. Батышта студент жаштар ата-энесин күндө акча сурап кыйнабайт. Өздөрүнө керектүү акчаны бир-эки саатка иштей коюп, таап алышат. Алар — коомдун активдүү мүчөлөрү.

Ушул жерде, биз бараткан Назарбаев университетинде жаңы типтеги студенттин образы жаралганын жар салайын. Назарбаев университетинин студенти бул эркин ой жүгүртө билген, кайсы бир тармакта илимий иликтөөлөрдү жүргүзө алган, коомдук маанидеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошууга жарамдуу жаш адам . Биз университеттин демилгелүү жаштары ишке ашырып жаткан бир топ долбоорлор менен таанышканыбызда, жогорудагы оюбузга биротоло ынандык. Жаштардын демилгеси менен ачылып, ушу күндөрү ийгиликтүү иштеп жаткандардын бири – университеттеги «Кунде» кафеси. Демилгеси үчүн алар грант берүүчүлөрдөн 10 миң доллар өлчөмүндө жардам алышыптыр. Учурда кафеден киши үзүлбөйт. Тамагы дале даамдуу дечи, бирок башкысы – мында тейлөө жагында бир канча мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар эмгектенишет. Ушинтип алар өдөрүнө да пайда таап, башкаларга да жардам берип, ошол эле учурда университетте билим алып жатышат.

Вокзалда жаңырган ар бир экинчи ыр кыргыздыкы

Биз түшкөн поезд бир жарым миң чакырым жол жүрүп, эртең менен саат 6.30да Астанага келди.  Вокзалдын ашканасынан шам-шум эттик. Вокзалда жаңырып турган музыканын баары тааныш. Ар бир экинчи ыр кыргыздыкы. Казак ырчылары өздөрүнө оңойлотуп, казакчага которуп алышкан. Болгон айырмасы ошол. Биздин элдердин жакындыгын ушундан билиңиз, мен башка элдер казак менен кыргызды өңүнөн ажырата албасын бөркүмдөй эле көрөм. Анткени бойлору да бирдей, өңү да опокшош. Тилибизде гана айрым тыбыштар болбосо, таптакыр эле жакын. Ушуларды ойлоп, биз, казак-кыргыздар, кайсы бир доорлордо бир эл, бир журт болгонубузга ишенип кетесиң…

Чай ичип болуп, Жолдош экөөбүз вокзалдан Назарбаев университетине баруучу автобуска олтурдук. Бишкектеги жайнаган маршрутканын бири жок. Баардык  багытта апаппак автобустар каттайт. Айдоочулары  май жыттанган айдоочулар эмес, аппак көйнөкчөн, кызыл галстукчан кесипкөйлөр. Кондуктор кыз да атайын жарашыктуу форма кийип, көк түстөгү галстук тагынат. Шаар тургундары автобуска билетти электрондук карточка аркылуу төлөшөт. Жаныбыздагы орус аялдын карточкасы аркылуу Жолдош экөөбүз жүз теңгеден жол акы бердик. «Накталай төлөсөңөр, 200 теңгеден алат», — деп  жардам берген орус аял бизге түшүндүрдү. Боорукер адамга рахмат айттык.

(Уландысы бар)

 

А.Алибеков (Бишкек-Кордай-Чү – Астана-Бишкек)  

Бөлүшүү

Комментарийлер