АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИ 2019-ЖЫЛЫ ӨЗ ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БИР ДА ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРГАН ЖОК

  • 13.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз демилгеси менен бир да долбоорду ишке ашырган жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мекеменин 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы жана 2020-жылдын милдеттери боюнча өткөрүлгөн кеңейтилген коллегияда билдирди.

«Силерге караштуу 428 730 ишкана жана ар кандай чарбалар бар. Бирок алардын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салык 2% гана түзөт. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПдагы айыл чарбанын үлүшү  болгону 2,6% түздү. Силер ал тургай өз планыңарды 3% толтура алган жоксуңар. Кайсы бир учурда бул көрсөткүч 42% жеткен. Мындай көрсөткүчтөн кийин биз агрардык өлкөбүз деп баса айтуу кыйын», — деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр министрликтин өз аракети менен эч нерсе жасалбаган калк үчүн маанилүү болгон бир нече багыттарды белгиледи.

«Учурда эл кошумча сугат жерине муктаж болуп турат. Бизде 63,3 миң гектар пайдаланылбаган жер бар. Бирок силер аларды колдонуунун механизмин иштеп чыккан жоксуңар. Экспорт боюнча үчүнчү өлкөлөр менен кол коюлган келишимдер бар, бирок жыйынтыгы аз; жүндү иштетүү боюнча эч кандай чечим жок, бирок бул боюнча программа бар. Балык чарбасы, жайыт, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өсүү көрсөткүчү сезилерлик эмес. Бардык багыттар боюнча көрсөткүчтөр жетишерлик деңгээлде эмес. Ошондуктан коомчулук министрликте реформа жүргүзүү же толугу менен таратуу тууралуу маселени жөн жерден көтөрүп жаткан жок», — деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Муну менен катар биринчи вице-премьер-министр өкмөттүк деңгээлде чечилген милдеттерди дагы белгиледи.

«Ата мекендик бизнести колдоо үчүн мамлекеттик сатып алуулардын 57% ички рынокто өндүрүлгөн. Ишкерликти каржылык колдоонун алкагында «Кепилдик фонд»  ААКтын уставдык капиталы кеңейтилди, «Айыл банк» жана «РСК банк» ААК капиталдаштырылган. Муну менен катар «Айыл чарбасын каржылоо» програмамсын жүзөгө ашыруу, лизингге техника берүү улантылууда. Ветеринардык тутум Евразия экономикалык бирлигинин системасында эквиваленттүү деп таанылган жана 102 ишкана ЕАЭБге кирген өлкөлөргө  продукциясын тоскоолдуксуз экспорттой алат», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов фермерлер иш жүзүндө тармактык мамлекеттик орган бар экенин жана айылдардагы маселелерди чечүүгө жардам берерин  сезиш үчүн иштөө принцибин түп тамырынан бери өзгөртүү жана коюлган милдеттерди аткаруу менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгүн активдештирүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер