БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

  • 06.10.2022
  • 0

Чүй облусундагы Стрельникова атындагы орто мектебинин  11-классынын окуучуларын Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев кабыл алды.

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

—  Окуучулар Жогорку Кеңештин имараты менен таанышып, жыйынга катышып, андан соң, кызыктуу маек курдук.  Балдарды сапаттуу билим алууга,  кыялданууга жана сөзсүз кыялдарын ишке ашыруу үчүн убакытты текке кетирбей эмгектенүүгө чакырдым. Билим берген мугалимдерди урматтап жана алардын эмгегин баалаган жаштар, келечекте да татыктуу инсан болоорун айттым. Учурдан пайдаланып, кесиптик майрамы менен жалпы мугалимдерди чын дилимден куттуктайм! “Билимдүүгө дүйнө жарык”  деп Жусуп Баласагын даанышман бабабыз абдан жакшы айткан. Сиздер  балдарыбызга ошол жарык келечекке жол баштап бересиздер, — деди депутат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер