БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ

  • 04.12.2018
  • 0

Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу «Ак-Суу» орто мектебинин  11-классынын класс жетекчиси Машеров Эшмат ата-энелердин жана мектеп администрациясынын катышуусу менен жыйын өткөрдү.

БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ

БИЛИМ ЖАНА ТАРБИЯ БЕРҮҮДӨ АТА-ЭНЕЛЕРДИН ОРДУ

Жыйынга класстагы окуучуларды жалпы ата-энелери катышты. Иш-чаранын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдүн жакынкы аралыкта боло турган предметтер боюнча олимпиаданын райондук туруна жана жалпы республикалык тестирлөөгө  даярдыктар боюнча талкуу, көйгөйлөрдү аныктоо, ата-энелер менен биргеликте аракеттенүү.

Класс жетекчи тарабынан жогорудагы маселелер боюнча бүгүнкү күндөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча маалымат берилди. Ата-энелер абал боюнча жакындан таанышып, жакшы даярдык көрүп, ийгиликтерге жетишүүсү үчүн балдарына колдоо көрсөтүп, жакындан жардам бере тургандыктарын билдиришти.

Г.А,, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер