БИЛИМ ТАРМАГЫНА ӨНӨКТӨШТҮК ЗАРЫЛБЫ?

  • 17.02.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы жана Республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту “Билим берүүнү башкарууну жана өнүктүрүүнү модернизациялоонун философиясы” деген темада тегерек үстөл уюштурду.

Бул иш-чарага билим тармагынын эксперттери,  айрым мектеп директорлору, окутуучулар катышты.

Алгач билим тармагына өнөктөштүктүн түрдүү формаларын киргизүүнү көптөн бери министрликке сунуш кылып, бул багытта бир катар макалаларды жазып келе жаткан окумуштуу, республикалык педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ага окутуучусу  Дүйшөн Султанкулов аталган темада кыскача баяндама жасады.

-Биз билим берүү системасында кызматташуудан өнөктөштүккө өтүшүбүз керек. Өнөктөш десе эле базарды түшүнгөн болбойт. Өнөктөштүктө милдеттер коюлуп, келишим түзүлөт. Кызыкчылыктар болот. Ал эми кызматташтыкта адамдар бир идеянын үстүндө эле иштеп калышат. Ошондуктан биз өнөктөштүккө өтүүгө тийишпиз. Өнөктөш болмоюнча эч ким натыйжалуу иштебейт. Мында максаттар бир болот. Билим берүүнү өнүктүрүү менен гана биз социалдык көйгөйлөрдү чечип, өлкөбүздү өнүктүрө алабыз, -деди Д.Султанкулов.

Д.Султанкулов сунуштаган өнөктөштүк идеясына тегерек үстөлгө катышкандар өз пикирлерин билдирип, талкуулашты.

-Мугалимдин билими натыйжа бериши керек. Натыйжалуу иштеген менен натыйжасыз иштеген мугалим бирдей айлык маяна ала берсе, өсүш болбойт. Билимдин маңызын социалдаштырыш керек. Бала өзүн өзү тааныса дүйнөнү да тааный алат, -деди Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов.

Аягында КР билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Расул Абазбеков сөз алып, айтылган идеянын тегерегиндеги пикирлерди жыйынтыктады.

-Бизде билим берүүнү алдыга жылдырууда бардык аракеттер болууда. Мугалимдердин айлык маянасы көбөйдү. Мектептер 99 пайызга Интернет менен туташтырылды,   инфраструктурасы оңолууда. Бүгүн сиздер козгоп жаткан ой-пикирлер, сунуштар билим берүүнүн стратегиялык багыттарында негизинен камтылган, -деди Расул Абазбеков өз сөзүндө.

М.Токторов,

“Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер