БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЖОБО ИШТЕП ЧЫКТЫ

  • 11.02.2020
  • 0

Жаңы муундагы сапаттуу окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн окуу китептерин (окуу-методикалык комплекстер) тандоо» боюнча жаңы жобону иштеп чыгып, анын долбоорун коомдук талкууга койду.

Окуу китептерин чыгаруу боюнча жаңы жобонун негизги айырмасы — окуу методикалык комплекстерди (ОМК) даярдап, басып чыгаруучу тарапты аныктап жана анын жоопкерчилигин күчөтүү болуп саналат. Мындан сырткары тандоо процедураларынын ачык-айкындуулугун камсыздоо. ОМКны тандоо процессин тескөө Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесине жүктөлөт.

Жободо китепти милдеттүү төрт экспертизадан өткөрүү сунушталууда — илимий, илимий-педагогикалык, практикалык-педагогикалык (апробация), дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизалар.  Китепке «Билим берүү жана илим министрлиги сунуштайт» деген гриф берүү чечими ушул экспертизалардын жыйынтыгына негизделип, Министрликтин коллегиясы тарабынан кабыл алынат. Мындан сырткары жобо долбоорунда алгач ирет окуу китептерин иштеп чыгуу жана даярдоо этаптары так аныкталып, «Баалоо инструменттеринин» элегинен өткөрүү сунушталып жатат. «Баалоо инструменттери» авторлор үчүн да жол көрсөтөт, себеби мындагы талаптарга шейкеш келген окуу китептеринде гана министрликтин грифин алуу мүмкүндүгү бар.

Жаңы жобо бул шилтемеде — https://edu.gov.kg/kg/about/obcuzhdeniya/

«Окуу китеби» мамлекеттик ишканасы эксперттер жана потенциалдуу авторлордун реестрин түзөт жана аларга окутууларды өткөрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги китептерди басып чыгаруу боюнча Тематикалык планды даярдайт жана ар беш жылда жаңылап турат. Басмаканалар  жана авторлор ошол планга карап, жаңы ОМКлардын үстүндө ырааттуу иш алып барышы керек.

Министрлик педагогикалык коомчулукка жана бардык кызыкдар тараптарга жобо долбоору менен таанышып, суроо-сунуштарын 2020-жылдын 10-мартына чейин берүүгө чакырат. Байланышуу жолдору: Бишкек ш. К. Тыныстанов көчөсү 257; [email protected]

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер