БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

  • 04.11.2022
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги “ Министрлик Тынчтык корпусунун мектеп окуучуларына англис тилин бекер окутуу үчүн ыктыярчылардын санын көбөйтүү сунушун четке какты”,-деген маалымат чындыкка дал келбей турганын маалымдайт.БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

2022-жылдын 10-июлунда Билим берүү жана илим министрлиги ошондой эле Тынчтык корпусунун өкүлдөрү тарабынан жолугушуу уюштурулуп, Министрлик тарабынан ыктыярчылардын санын көбөйтүү боюнча сунуш киргизилген. Америка Кошмо Штаттарынын Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы директору бул сунушту колдоп, бардык талаптарга жооп бере ала турган мектептердин тизмесин жиберүүнү сунуштаган.

Министрлик тарабынан Тынчтык корпусуна 501 мектептин тизмесин жөнөтүлгөн. Андан соң Тынчтык корпусу волонтёрлордун санын меморандум аркылуу көбөйтүү сунушун киргизип, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан меморандумдун долбоору даярдалган.

Коронавирус пандемиясынан улам Тынчтык Корпусу тарабынан быйылкы жылга Кыргызстанга 11 гана ыктыярчы келди . Министрликтин Кыргызстанга 500 ыктыярчыны алып келүү өтүнүчүнүн негизинде учурда Тынчтык корпусу тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер