БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАЙРАМДАР ЖАНА КЫШКЫ КАНИКУЛДАР МЕЗГИЛИНДЕГИ КООПСУЗДУК БОЮНЧА БУЙРУГУ

  • 22.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникулдар мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө буйрук чыгарды.

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МАЙРАМДАР ЖАНА КЫШКЫ КАНИКУЛДАР МЕЗГИЛИНДЕГИ КООПСУЗДУК БОЮНЧА БУЙРУГУ

Жалпы Билим берүү уюмдарында жаңы жылдык майрамдар жана кышкы каникул мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын пайда болушуна шарт түзгөн себептерди жоюуга багытталган иштерди күчөтүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Аталган буйрук менчигинин түрүнө же ведомстволук баш ийгенине карабастан жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тааныштырылып, 26-декабрга чейин аткарылган иштери боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия иштери боюнча секторуна маалымат берүүгө милдеттендирилди.

Буйруктун негизинде:

Жаңы жылдык майрамда жана кышкы каникулда окуп жаткандардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ачык отту, от алуучу пиротехникалык жана башка жаракат алып келүүчү каражаттарды пайдаланууга болбой тургандыгы боюнча мектеп директорлору менен кеңешме өткөрүү;

Укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

Жалпы билим берүү уюмдарынын аймагына жарандарды жана автотранспортту өткөрүү режимине контролду күчөтүү;

Кышкы каникул мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын эс алуусун уюштурууда алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу класс жетекчилерди дайындоо;

Жаңы жылдык майрамдарда жана кышкы каникул учурунда турмуш-тиричилик коопсуздугу боюнча эрежелер, балдардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндө ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.

Акыркы убакта окуучулардын уруш талашы, кичинекей чатактын артында, тилекке каршы өлүм менен коштолгон аянычтуу окуялар болуп жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Мындай көрүнүштү токтотууну билим берүү мекемелерине гана жүктөп койбостон, ата-энелер да балдарды жеке көзөмөлгө алуусу шарт.

Бөлүшүү

Комментарийлер