БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ ПАКИСТАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

  • 29.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуп, Кыргызстандын медициналык адистерди даярдаган ЖОЖдорунун кара тизмеге кирип калышы, билим берүү жана илим тармагындагы өз ара кызматташуу маселелерин талкуулады.

А.Бейшеналиев кыргыз тарап жакын арада Пакистандын КР элчилигине ЖОЖдорду “кара тизмеден” чыгаруу маселесин чечүү жолдорун, анын ичинде эки өлкөнүн биргелешкен баалоо комиссиясынын түзүлүүсүн камтыган расмий кат жолдой тургандыгын айтып, мындан ары ЖОЖдорго министрлик тарабынан эл аралык аккредитациялардан өтүү, чет өлкөлүк жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, материалдык-техникалык жана лабораториялык-клиникалык базаларды жакшыртуу сыяктуу бир катар жаңы талаптар коюларын баса белгиледи.

Министр мамлекет башчысы тарабынан өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын жаңылап, Кыргызстанды аймактагы жогорку сапаттагы билим берген, билимди, өзгөчө медициналык тармактагы билимди экспорттоого багытталган билим берүү чордонуна айландыруу тапшырмасы коюлганын маалымдады. Андан сырткары кыргыз тараптын эки тараптуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки өлкөнүн Илимдер академиясынын кызматташуусу жана окумуштуулар арасында тажрыйба алмашууга кызыктар экенин белгиледи.

Элчи өз кезегинде Пакистан тарап бул түзүлгөн кырдаалдын тез арада чечилишине, келечекте Кыргызстанда билим алган пакистандык студенттердин көбөйүшүнө жана КР жарандарына Пакистандын ЖОЖдорунда ар түрдүү багыттарда билим алуу үчүн квотанын санын көбөйтүүгө кызыктар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер