АЛМАЗ БЕЙШЕНАЛИЕВ МЕДИЦИНАЛЫК ЖОЖДОРДУН РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 29.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина адистерин даярдаган жогорку окуу жайлардын  ректорлору менен жолугушуп, Пакистан медициналык комиссиясынын КР ЖОЖдорун кара тизмеге киргизүүсүнөн улам жаралган абалды талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Кыргызстандан окуп барган  пакистандыктардын дипломдору өз өлкөсүндө таанылбай,  алардын 90% Пакистан Медициналык Кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай калып жаткандыктан Пакистан Кыргызстандын медицина тармагындагы адистерди даярдаган бардык жогорку окуу жайларын кара тизмеге киргизгенин айтып, окуу жайларды сынга алды. Ал жаралган кырдаалды КРнын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөндүгү менен байланыштырды.  Медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылыгы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнүн баса белгиледи.

Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, жаралган кырдаал республикадагы инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт. Муну менен катар, жалпы көрсөткүчтү жогорулатуу максатында, министрлик пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын татаалдаштырат.

Жыйында жетекчилерге министр төмөндөгүдөй бир катар тапшырмаларды берди:

  • Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;
  • Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү;
  • Эл аралык аккредитациялардан өтүү.

Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда, ЖОЖдун лицензиясы мыйзам чегинде кайрадан каралат.

Жыйынтыгында ректорлор Пакистанга кара тизмени кайрадан карап чыгууну сунуштоо, ЖОЖдорду талаптарга жооп берүүсү боюнча топтоштуруу жана ал топторду кадам-кадам менен “кара тизмеден” чыгаруу, Пакистанга КР ЖОЖдору көрсөткөн кызматтарды баалоо боюнча көз карандысыз комиссия уюштуруп, анын жыйынтыгынын негизинде “кара тизмедеги” ЖОЖдорду кайрадан карап чыгуусун сунуштоо, ЖОЖдордун өкүлдөрү тарабынан Пакистандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен боло турган  жолугушууда ПИРде жүрүп жаткан ортомчу “контрактчылардын” ишмердүүлүгү боюнча суроону көтөрүү сунушун айтышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер