БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНДА КАРАНТИН ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАЧАН ЖАНА КАНТИП КАБЫЛ АЛЫНАТ?

  • 13.12.2022
  • 0

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзүп турат.

БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМУНДА КАРАНТИН ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАЧАН ЖАНА КАНТИП КАБЫЛ АЛЫНАТ?

Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде 20%га чейин балдар мектепке келбей калган учурда райондук/шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун башкы дарыгерлери, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын өз убагында уюштуруу жана зарыл болгон учурда жергиликтүү деңгээлде карантин киргизүү маселесин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумуна киргизет.

КРВИ жана сасык тумоонун симптомдору пайда болгон учурда медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

КР Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусунда маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштайт.

Маалымат булагы: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги https://med.kg/pressCenter/news/2ccc9656-0f2d-4c27-9c28-2b5fc3d4e31c?locale=kg

Бөлүшүү

Комментарийлер