БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

  • 18.10.2018
  • 0

Бишкекте КМШнын катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездине келген делегаттар Кыргызстандагы билим берүүнүн жетишкендиктери менен катар кемчиликтерин да айтышты. Көбүнчөсү жаңы стандарт боюнча окуу китептеринин чыгышы, интерактивдүү ыкмалар менен окутуу, ошол эле кезде жаңы стандарт боюнча программа менен окуу китептеринин дал келбеши, мектептердин сапатсыз курулушу, учурунда бүтпөй жатканы жөнүндө ойлорун ортого салышты.

Гүлмира Кудайбердиева, билим берүү жана илим министри:

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

— Эгерде мурда мектепке чейинки билим берүүгө балдарды тартуу 10-15% түзсө, бүгүнкү күндө ал 39% жетти. Бул абдан маанилүү. Анткени мезгил ушул багытка чоң талаптарды коюп жатат. Так ушул куракта балдардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү зарыл. Бала бакчада алган көндүмдөрдү балдар кийин мектепте, жашоосунда пайдаланып, келечекте туура чечим кабыл алганга, ийгиликтүү болгонго жол ачат.   Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча мектепке келбей калган балдардын саны 2000ден ашык. Ар кандай себептер менен, маселен, ден соолугуна байланыштуу ж.б.у.с. Албетте, биз коомдук уюмдардын башкача сан менен берип жаткан маалыматтарына көз жумбашыбыз керек. Бул маселени изилдеп, чечишибиз зарыл. Биздин балдар мектепте окушу керек.

Билим берүү системасынын бюджети жылдан жылга көбөйүп атат. Мисалы, 2-3 жылдын ичинде эле бюджет көбөйүп, азыр 28 миллиардга чыкты. Андан тышкары дагы мектептердин курулушуна бөлүнгөн каражатты эске алсак, анда 30 миллиарддан ашат.

Болот Белеков, Нарын районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

— Билим берүү системасында жаңы реформаларды киргизүү талап кылынат.  Мурунку системага анча-мынча өзгөртүүлөрдү киргизүү менен чектелип жатабыз. Негизинен айтылган нерселердин көпчүлүгү кечигүү менен аткарылып жатат. Мисалы, мектептердин курулушу салынып баштап, бирок ошол өз убагында бүтпөй жатканы өкүнүчтүү.  Биздин облуста мектеп курулушунун сапатына өзгөчө көңүл бурулууда. Бирок ошого карабастан бир эле мисал, биздин Миң-Булак айылындагы Байсалов атындагы мектептин курулушун алсак, ал 2016-жылы «Жер-Үй» кенинин эсебинен 100 инновациялык мектеп ачылып, дагы 100 мектепке капиталдык ремонт жүргүзүлөт деген өкмөттүн билдирүүсү боюнча аталган билим уясы 100 мектептин катарына кирүү менен курула башталган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Ага деген каражат толук которулган, бирок сапатсыз бүтүп атат. Аны менен тең башталган үч мектебибиз бүтүп, пайдаланууга берилди. Эмгек-Талаа айылындагы курулуп башталган бала бакча үчүнчү жылга кетти. Ага бир миллион сом бөлүнгөн. Биринчи кабаты бүткөрүлүп, аракет кылынды эле, калганына акча бөлүнбөй калгандыктан, токтоп калды.  Бул дагы өкүнүчтүү.

Билим берүүдө инновациялык мектептерди каржылоо жүрүп атат.  Бирок ушул багытта дагы толук деңгээлде иш алып барылбай жатканын айтып кетүү абзел. Интерактивдүү такталар, компьютер менен камсыз кылуу дагы, айрыкча, интернетке кошулуу боюнча маселелер жок эмес.  Мектептер баары модем менен иштеп жатышат. Мен жакында электрондук китепкана, электрондук байланыштарды түзүү боюнча Бишкек шаарындагы №5 УКГнын директору менен макулдаштым. Буюрса, 5-6 информатика мугалимдерди, жетекчилерди бир жумага жиберип,  окутуп алайын деп жатам. Негизинен ушуларды колго алып, балдардын билим сапатына өзгөчө көңүл бурбасак, жакшы болбой жатат. Айрыкча китептердин программага дал келбегени да бизди өкүндүрөт. Ушуларды системага келтириш керек.

Гапыр Мадаминов, Баткендеги №3 гимназиянын директору:

— Билим берүү системасында бир топ өзгөрүүлөрдү жасоого далаалат болуп атат. Анын ичинен 5 күндүккө, улуттук стандартка өтүү. Эң башкы өзгөрүү — мугалимдердин кесипкөйлүгүн өстүрүү, ошолордун педагогикалык дареметин өстүрүүгө басым жасоо туура жолдо баратат деп ойлойм. Билим берүү жана илим министрибиз Г.Кудайбердиева дагы ошол өңүттөн бир топ иштерди алдыга коюп, айтып жатат. Андан кийин биз билим берүү чөйрөсүнө ата-энелерди тартуу керек. Үй-бүлөнү тартканда гана билим берүүнүн сапаты жакшырат. Анан дагы азыркы жаштарды тарбиялоо чоң көйгөйдү жаратууда. Ал ишти үй-бүлөсүз, ата-энесиз чечүү кыйын. Ошол максатта өзүбүздө эксперимент катары «Энелер мектебин» ачканбыз.  Энелерди окутуу аркылуу билимдин, тарбиянын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп атабыз. Съездде мага таасир калтырганы Казакстан менен Россиянын делегат башчыларынын сүйлөгөн сөздөрүндө өздөрүндөгү алгылыктуу, жаңы табылгаларды айткандары. Көбүрөөк ошондой болсо жакшы болот эле. Айтылган докладдардан эки республикадан көп нерселерди байкадым. Мисалы, Сириус программасын.

 Кыялбек Акматов, «Жетиген» мектеп-лицейинин директору, Ош шаары:

— Эки жыл аралыгында бир топ эле өзгөрүүлөргө кадам жасалды. Кыска мөөнөттө билим берүүдөгү өзгөрүүнү жана билим берүүнүн натыйжасын дароо байкаш кыйын. Бул үчүн узак мөөнөттөгү иш-аракет керек.  Менин баамымда, стандарттарды, предметтердин мазмуну, программаларды, окуу китептерди жаңыртуу,  мектептерди оптималдаштыруу боюнча бир топ иш-аракеттер жүрүп атат. Съездден кийин дагы бул маселелер көтөрүлүп, улана берсе дейм. Съездде буга чейинки пландаштырылгандар канчалык деңгээлде аткарылды, мындан кийин билим берүүнүн кадамдары кандай болот, кандай реформа, кандай жаңылануу болот деген ойлор айтылды.

Биз окутуп жаткан предметтердин мазмуну турмуштан алыстап кеткен деген тыянакка келгенбиз.  Предметтерди окутуу аркылуу балдарды турмушка алып баруу, окуган нерсесин турмушта пайдалануу деген иш-аракеттерди мугалимдерге жеткирип атабыз. Биздин мектепте деле ошол предметтерди жаңы стандарттардын негизинде окутуу аракеттери жүрүп атат.

Болот Кырчообаев, «Өрнөк» балдар чыгармачылык борборунун директору, Нарын району:

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

— КМШ өлкөлөрүнөн келип, билим берүү системасына карата ой-пикирлеринин айтып жатышы кыргызстандыктар үчүн чоң стимул.  Системага болгон жакшы көз караштар пайда болуп, билим берүү өнүгөт деген ойдомун.  Мен аябай сүйүнүп атам, Беларус, Тажикстан, Армения ж.б.  мамлекеттердин билим берүү жаатындагы жетекчилери келип, тажрыйбалары менен бөлүшүп жаткандарынын өзү эле бизге чоң стимул берип атат. Менимче, съездге жаштар катышып жатканы кубандырат. Ошолордун мээсине сиңип, уккандарын үйрөнсө, биздин Президенттин айткан сөзүнө туура келет деп ойлойм. Себеп дегенде бири-бирибиз менен болгон байланыш, тажрыйба алмашуу чоң жетишкендиктерге алып келет. Кийинки кездерде билим берүү системасында жогорку окуу жайлардын көп ачылышы, кадрлардын сапатсыз көп даярдалышы өкүндүрөт. Советтер Союзу учурунда даярдалган кадрлар менен азыркылардын айырмасы асман менен жердей. Азыркылардын деңгээли абдан төмөн деп айтсак болот. Өткөн съезд ушул өксүктөрдү жоюу менен жакшы жолго кетет деген чоң ишеним бар.

Нарын районунда кошумча билим берүү тармагында акыркы жылдары бир топ жаңы ачылыштар болуп жатат. Районубузда мектептен сырткаркы билим берүү системасы жолго коюлган эмес. Акыркы 5-6 жылдан бери элге билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде Билим берүү борбору ачылды. Мен аны жетектейм. Материалдык-техникалык базабыз чыңдалып келатат. Бирок кемчиликтер бар. Окуу корпустун эскилиги, окуу куралдарынын жетишсиздиги. Ошого карабастан биздин мугалимдердин жардамы менен  борборду өнүктүрүп, балдарга кол өнөрчүлүктү, комузда ойногонду, сүрөт тартууну үйрөтүүдө болгон күч-аракеттерди жумшап жатабыз.

Дүйшөнбек Дөөткулов, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

— Мен Москвада өткөн IV съездге делегат катары катышып келгем. Ушул аралыкта эмне өзгөрүүлөр болду? Өкмөттүн токтомунун негизинде өлкөбүздөгү 2222 мектеп  нормативдик каржылоого өттү. Бул деген  ар бир мектеп өзүнүн бюджетин өзүлөрү билип, өз алдынчалыкка өттү дегенди билдирет. Андан сырткары, мурунку министрибиз К.Садыков бар кезде «2012-2020-жылдарга Концепция» кабыл алганбыз. Ошол Концепциянын негизинде 2017-жылы жаңы стандартка өттүк. Бул жаңы стандарт боюнча «о» классты киргизип,  өнүккөн капиталисттик мамлекеттердей сыяктуу эле 12 жылдыкка өттүк. Демек,  9-10-11-класстар профилдүү окутууга өтсө, окуучулар бир кесипке ээ болушат.  Азыр биз 11-класста аттестат бергенден кийин, бүтүрүүчүлөрдүн  80% жожго өткөн күндө дагы, ал турмушка даяр эмес болуп жатышат.   Мисалы, Түркмөнстанда 9-классты бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга өтүүгө даярдашат. Кайсы адистикти тандаса ошого жараша завод, фабрикаларда иштеп, андан соң гана жожго өтүшөт. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин кайра заводдорго келип, адистиги боюнча иштеп калат. Бизде андай жок. Бизде болсо окууга өтүп, беш жылдан кийин дипломду алып, жумушсуздардын катарын толукташат.

Биз жаңы стандартка өткөндөн кийин жаңылануунун үстүндө болушубуз керек. Маселен, 1-4-класстар жаңы окуу китептери менен толук камсыздалды. 50-60%  5-7-класстардын  окуу китептери чыкты. 2018-2019-окуу жылында республика боюнча 5-6-класстарга арендага китептер берилип жатат. Жылда мамлекет китеп чыгарууга 100 млн.сом бөлүп берет, ошол 100 млн.сомго жылга китеп чыгара берсек, 8 жылда 2222  мектеп толугу менен окуу китептер менен камсыз кылынат эле. Азыркы учурда ата-энелер тарабынан дагы китептерди чыгарууга колдоо керек. Антпесек болбойт. Себеби инновация кирген сайын программа дагы, илим дагы өзгөрүп атат.  Биз заманга жараша кадам ташташыбыз зарыл. Ал үчүн жаңы китепти, жаңы программаны, жаңы методиканы кабыл алышыбыз керек.

Кубат Сайкалов, Ж.Турусбеков атындагы мектепте тарых мугалими, Баткен району:

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫ: ӨСҮҮЛӨР ЖАНА ӨКСҮКТӨР

— Билим берүү системасында күндөн күнгө өзгөрүүлөр кирип турат. Дегеле билим берүү күнүгө жаңыланып туруусу керек. Анткени жашоо ошого алып баратат.  Азыркы учурда түрдүү билим берүү системалары пайда болууда. Мисалы, интерактивдүү ыкмалар менен сабак өтүү, улуттук этнопедагогиканын негизинде жаңы билим берүүлөр киргизилип атат. Жаңы стандарт боюнча 5-6-класстар пилоттук негизде окутулуп жатат. Биздин айыл райондон бир топ алыс турат, ал жерде интернет туташтырылган эмес. Интерактивдүү такталар боюнча түшүнүк бар, бирок аны алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Азыркы учурда видеопроекторлор менен компьютерлердин негизинде окуучуларга  болгон күч-аракетибиз менен жаңылыктардан калбай окутуп жатабыз. Мен съездге тажрыйба алуу максатында келдим.

Окуу китептер жетиштүү. Болгону адам жана коом деген китеп стандарт боюнча чыга элек. Учурда жаңы стандарттын талабы боюнча окуучуну коомго керектүү инсан катары тарбиялоо керек. Алардын жан дүйнөсүн, ойлоо сезимин, кызыкчылыгын өстүрүү зарыл.  Мен былтыркы жылдын мыкты мугалими катары делегат болуп келдим.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер