БЕКЖАН ОСМОНОВ: «МУГАЛИМДИК БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨНҮН КАНЫНА СИҢГЕН КЕСИП»

  • 25.01.2018
  • 0

PS: Редакцияга Түп районунун Күрмөнтү айылындагы Жээнбай Мукамбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айгүл Молдокановадан ушундай кат келиптир. Жаштайынан журналисттик кесипке кызыккан окуучу кыздын маегин эч оңдоосуз берүүнү чечтик. Келечектеги кесиптешибизге ийгилик каалайбыз.

БЕКЖАН ОСМОНОВ: "МУГАЛИМДИК БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨНҮН КАНЫНА СИҢГЕН КЕСИП"

Мен Айгүл Молдоканова учурда Түп районунун Күрмөнтү айылындагы Жээнбай Мукамбаев атындагы орто мектебинде 11-класста окуйм. Журналисттик кесипке кызыгам. Андыктан өз алдымча кызыккан темалар боюнча кабар, макала жазып, маектерди уюштурууга аракет кылып келем. Бул жолу өзүм окуган мектептин жетекчиси Бекжан Осмонов менен маек куруп, сиздердин редакцияга жөнөтүүнү туура көрдүм. Мүмкүн болсо, гезит бетинен орун берип кое аласыздарбы.

Ааламга жол айылдан жана мектептен башталат эмеспи. Биздин мектептин директору Бекжан Осмонов өзү да ушул мектепте он жыл окуган. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктагандан кийин өзү туулуп-өскөн айылына келип, өзү окуп бүтүргөн мектебинде иштеп жатканына жети жыл болду. Жаш болсо да учурда мектеп директору болуп иштеп жаткан Бекжан агайыбызды сөзгө тарттым.

 

— Бекжан агай, быйылкы окуу жылы кандай өтүүдө? Окуучулардын билим алууга болгон маанайы кандай?

Окуучулардын маанайы жакшы. Окуйм деген балдар көп, алдыга умтулуусу да жакшы. Заман оор болгон сайын окуучулар арасында билимдин кадырын билип, окуйм деп тырышып жаткан жаш жеткинчектерди көрүп кубанасың. Эжей-агайларыбыз тажрыйбалуу, көп жылдан бери иштегендер. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга дагы абдан маани беребиз, 2-3 жылда бир жолу тажрыйбасын жогорулатуучу курстарга барып турушат.

Негизи азыркы санариптик мезгилинде балдар да аны менен чогуу өнүгүшү керек. Азыр окуучулардын ою  көбүнчө интернетте, бирок ага тыюу салганга да болбойт. Мурун биз көбүнчө китептен маалымат издеп тапчубуз, азыркы балдар интернетти казышат. Ошентсе да, биз заман менен бирге алдыга умтулушубуз керек. Бир гана өкүнүч, балдар көбүнчө сайттарга кирип, оюндарды ойноп, аларга кызыгып, убактысын үнөмдөбөй жатышат. Интернеттен да көп нерсе үйрөнсө болот, бирок ошону туура пайдалануу керек. Бирок окуйм деген балдар да жок эмес. Китеп кучактап, билимге умтулуп жаткан балдарыбызды көрүп, келечекте бир чоң илимпоз же доктур чыкса экен деп тилек кылам.

— Өзүңүз жаш болсоңуз да мектеп директору болуп иштеп жатасыз. Кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?

Эми жумуштун баары эле оор, жеңил жумуш жок да. Мугалимдер өзүмдүн агай-эжейлерим болгондуктан, директор болуп келгенден бери мага жол көрсөтүп келе жатышат.  Менин биринчи: «Мен жашмын, көп нерсени билбейм, мен үйрөнүшүм керек, мени сынап текшербестен, мага жол көрсөткүлө», —  деген сөз менен ишке келгем. Азыркы учурда алдыга умтулуп, балдарга татыктуу билим берип жатабыз.

— “Алдыга кандай  максат койсоң ошого жетесиң” демекчи, Сиз кичинекей кезиңизде эле мугалим болом деп кыялданчу белеңиз?

— Албетте, ата-энем өмүрүн ушул мектепке арнаган да. Атам Осмонов Айтпай, апам Жунушова Раима экөө тең 35-40 жылдай иштеп, өмүрүн балдарга арнашкан. Атам тарых мугалими, апам химия мугалими болуп эмгектеништи. Келинчегим Байдылдаева  Нурмира экөөбүз мектепте иштеп жүрүп баш коштук. Ата-энем,  эжем, тайенем, тайатам, тайежем, жездем да мугалимдик кесипти аркалагандар. Дегеле мугалимдик кесип муунга муунга өтүп биздин үй-бүлөлүк таберигибиздей эле болуп калды. Бул кесип биздин үй-бүлөбүздүн канына сиңген кесип десем болот. Мен өзүмдү башка кесиптен көрө албайм.

— Мектептен, окуучулардан кандай ырахат аласыз?

— Мектепке эртең  менен келгенде кадимкидей балдар менен маектешип, аларга көп нерсени үйрөтүп жана ошондой эле мен алардан да көп нерсени үйрөнөм. Менин жашоом, тиричилигим бүт ушул мектепте өтөт. Жакшы күндөрүм да,  башка күндөрүм да ушул мектепке байланыштуу. Балдар сүйлөшкөндө кайгы-капамды унутуп, ырахат алам. Биздин мектепте иштеген мугалимдердин баары эле мектептен ырахат алып кетишет деп ойлойм. Анткени алардын жашоосунун көп бөлүгү мектеп менен байланыштуу. Мектеп балдарга тарбия, билим гана бербестен, аларды чоң жашоого да үйрөтөт.

— Азыр мектептердин көбүндө ата-энелерден түзүлгөн фонддор иштейт. Мындай фонд биздин мектепте дагы бар, фонддун канчалык жардамы тийип жатат?

— Мектепке мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилет, бирок ал акча жетпейт. Ал акча мектептин майда-чүйдө чыгымдарына эле кетет. Мектеп мугалимдери, ата-энелер, айыл аксакалдары болуп кеңешип «Токой Ата» деген фонд түзүлгөн,  ага окуучулар жыл башында 200 сомдон акча чогултушат. Ата-энеси жок, же мектепте үчтөн көп  баласы окугандарга жеңилдиктер бар. Ал фонддун төрагасы Мукашев Токой деген жигит, эки жардамчысы менен иштеп, чогултушат. Ал акча мектеп окуучуларынын сыйлыктарына,  грамоталар, олимпиадаларга райондук, областтык деңгээлге чейин барышат, алардын жол киресине кетет. Ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой иш-чаралардын чыгымдары фонддон алынат.

— Мектеп окуучулары да, мугалимдер да быйыл бирдей форма кийишти, буга кандай карайсыз?

— Быйылкы форма жакшы экен, окуучулардын баары  кийишти. Адамзат алдыга жылып жаткандан кийин, биз да жылышыбыз керек. Бул эң жакшы көрсөткүч. Мугалимдер да кийгени эң туура болду деп эсептейм. Анткени көчөдө кетип баратса бул мугалим экен деп ар бир адам билет. Сый-урмат менен карайт, мугалимдик статусун көрсөтүп турат. Бул жакшы көрүнүш болду деп эсептейм.

— Биздин мектептин тарыхына 100 жылга чамалап баратат. Мектеп өз уясынан кандай адамдарды учурду?

— 1924-жылы биздин айылда Дүйшө Эркинбаев атабыз бала окутуп мектеп ачкан. Мектептин ачылганына 100 жылга чамалап баратат. Тарыхы ошо Дүйшө Эркинбаев менен байланыштуу. Азыркы учурда Жээнбай Мукамбаевдин атын сыймыктануу менен алып жүрөбүз. Жээнбай агабыз профессор, кыргыз тил сөздүгүн жазган. Биздин мектеп район боюнча алдыда турат.  Окуучулардын, мугалимдердин жетишкендиги боюнча  да алдыда. Бул көрүнүш жалпы айылыбыздын жетишкендиги десем болот. Сентябрь-октябрь айларындагы, 2017-2018-окуу жылындагы көрсөткүчүбүз жакшы. 7-класстын окуучусу “Алтын түйүн” Балдардын академиясы өткөргөн математика боюнча олимпиадада областтан жеңип, республикалык туруна катышып келди. Билим боюнча айтсак,  былтыр “Келечек техникасы” деген конкурстан алдыңкы көрсөткүчкө ээ болуп, Тыныстанов Кылычбек деген окуучубуз Японияга жолдомо алган. Бир жумага барып,  Япония мамлекети менен таанышып, жаңы технологиялык долбоорлорду көрүп келди. Бул мектеп үчүн эле эмес, республика үчүн дагы чоң ийгилик. Дагы бир окуучубуз көп жылдан бери бокс менен машыгат. Район, облустардын чемпиону, КРнын үч жолку чемпиону, бокс курама командасынын мүчөсү. Азия чемпионатына Сочиге, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга барып келген. Айылыбызда бокс жакшы өнүккөн. Учурда биздин Күрмөнтүдөн чыккан Бекболотов Адылкан агабыз КРнын Бокс федерациясынын президенти.

— Биздин агай-эжейлерибиз да өзгөчө урмат-сыйга татыктуу. Мен бул мектепти аяктап жатканыма сыймыктанам.

— Албетте, биздин жамаатты эң жакшы деп айта алам. Арасында көп жылдан бери иштегендери, жаңы келгени да бар. Мугалимдерибиз ынтымактуу жана бири-бирин сыйлап, түшүнүп иштешет. Мектепке эмгек сиңирген мугалимдерибиз: Бөдөнөва Бермет, Абыкеева Сайкал, Шатенова Нургүл, Кылчыкбаева Кулана, Жаналиев Шайлоо, Назаркулова Дарийка, Намазбекова Махабат. Ушул үлгүлүү мугалимдерибиз аман болсун, аларды көрүп жаштар өссүн.

— Сөз аягында окуучуларга кандай тилек айтат элеңиз?

— Эң башкысы, Кыргызстаныбызда дайыма тынчтык болсун. Эл-журтубуз аман, түшүмүмүбүз дайым мол болсун! Жалпы кыргыз элиме тынчтык, ыйман, бакубат жашоо каалайм. Окуучуларга айтаарым, азыркы учурда интернет оюндары, диний агымдар көп болуп жатат, ошолорго азгырылбагыла дейт элем. Убактыңарды туура пайдаланып,  окууга, билимге жумшагыла. «Кыргызстандын келечеги — жаштардын колунда» демекчи, жаштарыбыз адептүү,  ыймандуу болсун.

Бөлүшүү

Комментарийлер