ББИМ 2 КҮНДҮК ОКУТУУ СЕМИНАРЫН ӨТКӨРӨТ
- 22.10.2020
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Аккредитация — сапаттуу билимдин кепилдиги” темасында 2 күндүк окутуу семинарын өткөрөт.
Семинарга катышып, сертификат алган эксперттер 5 жыл ичинде аккредитациялоо иштерине чакырылат.
Семинарга катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органга эксперт катары өзүнүн ыйгарым укуктарын белгилөө жөнүндө арыз менен төмөнкү документтерди тиркеп, кайрылуу керек:
- Адамды күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
- Алган билими жана квалификациясы тууралуу документтин көчүрмөсү;
- Резюме
Талапкерлердин документтери эксперттерди тандоо жана сертификациялоо комиссиясы тарабынан электрондук форматта кабыл алынат.
Резюме төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
а) толук аты-жөнү;
б) адамды күбөлөндүргөн документтин реквизиттери;
в) байланыш маалымат (жайгашкан жеринин дареги, телефон жана WhatsApp номери, электрондук дареги);
г) билими, билим берүү уюмунун аталышы, адистиги/даярдоонун багыты, квалификациясы;
д) иштеген жери (толук аталышы жана дареги), ээлеген кызматы;
е) билим берүү тармагындагы стажы;
ж) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
Арызды 2020-жылдын 28-октябрына чейин [email protected] электрондук дарегине мамлекеттик жана расмий тилде жөнөтүү керек.
Эскертүү: Бардык документтер толугу менен тапшырылып, PDF форматында сканерден өткөрүлүшү керек.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер