Базар-Коргондо заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп ишке берилди

  • 18.11.2025
  • 0

Базар-Коргондо №65-Б.Абдрашев атындагы жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында ERIK долбоорунун алкагында курулган №65-Б.Абдрашев атындагы мектептин жаңы имараты толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Базар-Коргондо заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп ишке берилди

Эске салсак алгачкы имарат 1978-жылы пахта кампасы катары курулуп, 1996-жылы толук эмес орто, 2006-жылы толук орто мектепке айланган. Мурдагы имаратта жети гана чакан класстар, ашкана жана жетекчилик бөлмөсү болуп, лаборатория, спорт залы, жыйындар залы сыяктуу шарттар каралган эмес.

Жаңы мектеп 1699,5 чарчы метр аянтты ээлеп, 150 окуучуга ылайыкталып курулган. Эки кабаттуу имарат заманбап стандарттарга жооп берет. Жер титирөөгө туруктуу, энергияны үнөмдөгөн, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлашкан.

Базар-Коргондо заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп ишке берилди

Мектепте 10 окуу кабинети, атайын жабдылган физика жана химия лабораториялары, спорт залы, концерттик зал, китепкана, ашкана, медициналык бөлмө жана 8 даараткана бар. Ар бир класска аба алмаштыруучу рекуператорлор орнотулуп, сапаттуу микроклимат камсыздалган. Ошондой эле резервдик электр генератору, душ кабиналары жана заманбап септик системалары менен жабдылган.

Мектептин короосу да толук көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары жана керектүү тышкы инфраструктура орнотулду. Имарат инклюзивдүү шарттарды эске алуу менен пандус жана лифт менен камсыздалган.

ERIK долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 14 мектеп жаңыланат. Бүгүнкү күндө алардын үчөө пайдаланууга берилсе, экөөндө курулуш иштери жүрүп жатат, дагы экөө тендер этабында.

Базар-Коргондо заманбап талаптарга жооп берген жаңы мектеп ишке берилди

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашууда. Өлкө боюнча 40 мектепти куруу жана реконструкциялоо пландалган. Мектептер сейсмикалык тобокелдик, имараттардын абалы жана окуучулардын санына жараша илимий ыкманын негизинде тандалган.

Учурда өлкө боюнча 10 мектептин курулушу уланып, 2025-жылдын августунан бери №65-Б.Абдрашев атындагы мектеп менен кошо 5 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Дагы 4 объект боюнча тендердик иштер жүрүүдө, ал эми 7 мектептин долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Жаңы мектептердин курулушу Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ишке ашууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер