БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНДАГЫ №52 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ
- 04.07.2018
- 0
2018-2019-окуу жылына облусубуздун улан-кыздарын квалификациялуу окууга кабыл алууну жарыялайт.
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ТөМөНКҮ КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДАЙТ:
3 жылдык мөөнөт менен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн
«Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» /Фермер/ кесибин өздөштүрүү менен бирге «АВГ» категориясындагы тракторист-машинист;
-«В,В1,С,С1» категориядагы автомобиль айдоочу;
-3-разряддагы слесарь оңдоочу;
-3-разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү.
3 жылдык мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө орто билими жөнүндө АТТЕСТАТ жана тиешелүү үлгүдөгү ДИПЛОМ берилет.
1 жылдык мөөнөт менен 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:
— Ширетүүчү (электр жана газ менен ширетүүчү) кесибин өздөштүрүү менен бирге III разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү «В,С,С1» категориясындагы автотранспорттук каражаттарды айдоочу;
— «Тигүү жабдууларынын оператору» /Тигүүчү/
3-разряддагы тигүү жабдууларынын оператору; тигүүчү.
1 жылдык мөөнөт менен кесиптик билим алып бүткөндөргө мамлекеттик үлгүдөгү ДИПЛОМ берилет.
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ жумушсуз атуулдарды жана жаштарды КОНТРАКТТЫК НЕГИЗДЕ жана райондук ЖУМУШТУУЛУК жана МИГРАЦИЯ комитети аркылуу ТөМөНДөГҮ КЕСИПТЕРГЕ ДАЯРДАЙТ:
3 айлык мөөнөт менен 18 жаштан жогору болгон атуулдарды төмөнкү кесиптерге окутат:
-3-разряддагы электр жана газ менен ширетүүчү;
-3-разряддагы тигүүчү;
-2,3-разряддагы ашпозчу-кондитер;
-компьютердин оператору;
-кенже ветеринардык фельдшер;
-3-разряддагы кыш кыноочу-шыбакчы.
Кесиптик лицейге социалдык абалы оор, тоголок, жарты жетимдер жана багар-көрөрү жок атуулдар кабыл алынат.
ОКУУГА КИРҮҮГө ТөМөНКҮ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ:
— Директордун наамына арыз
— Билими тууралуу аттестат жана 9-класстын күбөлүгү (түп нускасы)
— Медициналык аныктама (086 У)
— Жашагандыгы жана үй-бүлөсү жөнүндө аныктама (айыл округунан)
— Паспорту же туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү
— Аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк
— 6 даана 3х4 өлчөмдөгү сүрөт.
БИЗДИН ДАРЕК: Жалал-Абад областы,
Базар-Коргон району, Сейдикум айылы.
Комментарийлер