БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ №57 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 04.07.2018
  • 0

2018-2019-окуу жылына төмөндөгүдөй кесиптер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.

БАТКЕН ШААРЫНДАГЫ №57 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

Баткен шаары жана Баткен району боюнча сурамжылоонун негизинде эмгек рыногу изилденип, рынок талап кылган кесиптер такталып, №57 КОЖда (кесиптик   окуу    жай)  жогоруда аталган  кесиптерине   кыска    мөөнөттөгү      курстар ачылды.

* №57 кесиптик лицейдин       мугалим-устаттары модулдук  интерактивдүү  окуу-тренингдеринен  өтүп квалификациясын жогорулатышты.

* №57 кесиптик лицей долбоордун жардамы менен тандалган, ар бир кесип боюнча заманбап, акыркы үлгүдөгү окуу жабдыктары менен камсыздалып, окуу орундары даярдалып угуучулар жаңы окуу жабдыктары менен сапаттуу билим алышып, алгачкы 15 угуучу жыгач уста кесибинин ээлери болушту.

 

Ачылган кыска мөөнөттүү окуу курстарда:

  • 18-40 жашка чейин бардык жарандар окуй алат;
  • Окуу курстары 1 айдан 3 айга чейин болуп, контракттык негизде окутулат;
  • Окуу модулдук ыкма менен окутулуп, 10% теория жана 90% иш жүзүндө окутулат;

Кыска мөөнөттүү окуу курстарынын  артыкчылыгы:

  • Эл аралык деңгээлдеги сертификатка ээ болушат;
  • Жаңы заманбап технологияларын колдоно билишет;
  • КМШ, Россия жана Казакстан өлкөлөрүндө толук кандуу иштей алышат.

Кыска мөөнөттүү окуу курстары:

  • Тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү.
  • Ашпозчу
  • Электрширетүүчү

 

Толук маалымат алуу үчүн байланыштар:

Баткен шаары, Салихова к-36

№57 кесиптик окуу жайы:

Байланыш тел:0 773 49 13 82

Бөлүшүү

Комментарийлер