БАТКЕН ОБЛУСУНДА 10 МЕКТЕП ЖАНА 7 БАЛА БАКЧА ЖАБЫРКАДЫ

  • 21.09.2022
  • 0

Бүгүн, 20-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2022-жылдын 20-сентябры саат 15:00го карата алынган маалымат боюнча Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясынын натыйжасында Баткен облусунда 10 мектеп жана 7 бала бакча жабыркагандыгын брифингде билдирди.

БАТКЕН ОБЛУСУНДА 10 МЕКТЕП ЖАНА 7 БАЛА БАКЧА ЖАБЫРКАДЫ

Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия келтирилген зыяндын көлөмүн жана кырдаалды калыбына келтирүү үчүн керектүү ресурстарды аныктайт.

Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду.

— Баткен шаарында жана Баткен облусунда окуу процесси азырынча жандана элек.

— Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакчада окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Ал эми 21 мектеп жана 40 бала бакчада окуу процесси баштала элек.

— Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө.

— Сүлүктү шаарында 7 мектептин ичинен 1 гана мектеп окуу процессин баштай элек.

— Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин ичинен 2 лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду.

Баткен шаары менен Баткен районундагы колледж жана ЖОЖдордон башкасында окуу процесси уланууда.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 5 мектеп жана 5 бала бакчада билим берүү процесси убактылуу токтоп турат. Сабактар 12 мектепте жана 18 бала бакчада жүргүзүлүүдɵ.

Министрдин орун басарынын айтымында, окуу процессинин толук калыбына келтирилиши адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу шартында штабдын тиешелүү чечиминен көз каранды. Окуу процессин оффлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн балдар жакынкы мектептерге бөлүштүрүлөт. Онлайн окутуу варианты, видеосабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Учурда окуу китептери жана жабдуулары эсептелүүдө.

Билим берүү кызматкерлери башка кызматтар менен биргеликте эвакуацияланган калкты билим берүү уюмдарынын базасында турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу максатында ыкчам чара көрүп, кабыл алууга көмөктөштү.

Эвакуацияланган он миңдеген мекендештер бала бакчалардын, мектептердин, мектептердин спорт залдарынын, жатаканалардын имараттарында жайгаштырылды.

Бишкек, Жалал-Абад жана Оштун жогорку окуу жайларынын 28 кызматкери жабыркагандарга жардам берүү үчүн Психологдор кербенинин курамында жөнөп кетишти.

20-сентябрга карата билим берүү тармагынын кызматкерлери тарабынан Баткенге жардам көрсөтүү үчүн 22 млн 640 миң сом каражат которулуп, гуманитардык жардам жиберилди. (НМ)

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Бөлүшүү

Комментарийлер